Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, бул ишке тиешеси болушу мүмкүн делген башка кызматкерлер такталып жатат.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жеке компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш ишин алардын пайдасына чечип берүүнү убадалап, пара талап кылып жаткан Финансы полициясынын кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жеке компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш ишин алардын пайдасына чечип берүүнү убадалап, пара талап кылып жаткан Финансы полициясынын кызматкерин кармады
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жеке компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш ишин алардын пайдасына чечип берүүнү убадалап, пара талап кылып жаткан Финансы полициясынын кызматкерин кармады
Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, бул ишке тиешеси болушу мүмкүн делген башка кызматкерлер такталып жатат
"2-октябрь күнү аталган кызматтын Өздүк коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында М.К.К. аттуу улук ыкчам кызматкер 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.