Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу учуранда
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу учуранда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу алаканы күчөтөрүн белгилеген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Будапешт шаарында президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Андан сырткары, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы жана бир топ тармактардагы алака-катыштар болмокчу.

Эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган төмөнкү документтер:

  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы квоталык орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон аппараттарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлиги ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгриянын өкмөтү ортосунда эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги менен Венгриянын Ички иштер министрлиги ортосунда суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Финансы министрликтеринин ортосунда өз ара байланыш жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Жээнбековдун расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес форумунун жүрүшүндө кол коюлушу күтүлүп жаткан документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Будапешт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум.

Эске салсак, президент Жээнбеков 28-сентябрда, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен аталган өлкөгө жооп катары жасалган сапары менен барган.

Мамлекет башчы иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, алаканы күчөтөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0