Өзүм жардам берип жатам! Жээнбеков Бишкекти кантип өнүктүрөрүн айтты

Жазылуу
Өлкө башчы борбор калаага автобус, троллейбустарды алуу жана менчикке сатылып кеткен жерлерди кайтарып парк куруу саясаты тууралуу кеп кылды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилсе да Бишкек шаары көңүл сыртында калбайт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген кезектеги маегинде билдирди.
Мамлекет башчы борбор калаанын маселелери ар дайым көңүл борборунда экенин белгилеген. Ал эми шаар тургундарынын негизги көйгөйү болгон коомдук транспорт маселесин чечүүгө өкмөт менен мэрияга кеңешин айтып, колдоп, чогуу иш алып барып жатканын айтат.

"Этап-этабы менен газ менен иштеген автобустарга, электр кыймылдаткыч менен иштеген автобустарга өтүү пландалууда. Бул дагы бир чоң көйгөйдү — шаардын абасынын булганышын азайтат. Мэриянын эсеби боюнча шаар ичиндеги маршруткаларды заманбап автобустарга алмаштыруу үчүн дагы 1000ге чейин автобус, троллейбустар керектелет. 2019-жылы Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен 60 автобус алынган. Быйыл 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын жардамы менен 2021-жылы 300 автобус алып келүү пландары бар", — деди Жээнбеков.

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылды. Ажайып сейил бактын видеосу

Мындан сырткары, мамлекет башчы Бишкекке мурдагы "жашыл шаар" деген аталышын кайтаруу пландары тууралуу айтты.

"Мен мэриянын жасап жаткан иштерин колдоп жатам. Жерлерди шаарга кайтарып, аларга бак тигилип, парктар курулууда. Бул иш ордунан оңой жылган жок, чоң каршылыктар болду. Бишкектеги жер бөлүү коррупциянын чоң очогуна айланган. Элибиз үчүн эң керектүү жерлер менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Мэрияга мен баш болуп жардам берип, кайра кайтарып жатабыз. Саясий жактан мэриянын ишине абдан чоң колдоо көрсөтүлүүдө. Себеби мэриянын өзүнүн күчү жетпейт. Буга абдан чоң күчтөр, таасирдүү адамдар, чоң каражат аралашкан", — деди президент.

Ыктыярчы Адинайдын аты берилген сейил бактын көрүнүшү. Сүрөттөр

Жээнбеков мунун натыйжасында 10 гектар жерге "Ынтымак" паркы, 11 гектарга Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк, 13 гектарга "Адинай" паркы ачылганын белгиледи. Алдыда дагы 30 гектар жерге парк курулуп жатат.

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылууда. Сүрөт

"Элдин менчиги элге кызмат кылышы керек. Биз буга катуу турабыз. Бишкек шаарынын сыртына эс алуучу жайларды, бизнес-борбор жана спорт сарайларын куруу планыбыз бар. Футбол, хоккей стадиону, 5 миңден 7 миңге чейин машина токтотуучу жайлар, жалпысынан 30 гектарга долбоорду пландаштырып жатабыз. Азыр даярдап жатышат, буюрса бул ишти баштайбыз", — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле ал мамлекетке караштуу жерлердин менчикке сатылышын токтотуп, кайра кайтарып алуу иштери коррупцияга каршы күрөштөгү эң чоң багыттардын бири деп баа берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0