00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баланын жолдогу коопсуздугу. Ата-энелерге жол эрежеси боюнча 9 кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдон өтүп жаткан окуучулар. Архив
Жолдон өтүп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги балдардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кайгуул милиция берген кеңештерди жарыялайт. Алар баласы мектепке барган ар бир ата-эне үчүн маанилүү.

Жаңы окуу жылы башталып, 156 миң бөбөк алгачкы ирет мектеп босогосун аттады. Алар билимди үйдөн эмес, мектепке барып алышат.

Буга байланыштуу "Жол эрежеси" боюнча рубриканын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги ЖКККББнын ата-энелерге берген кеңештерин жарыялоону эп көрдү.

Ата-эне биле жүрчү 9 эреже:

  1. Балаңыз менен көчөгө чыкканда анын колун бекем кармаңыз;
  2. Бала жол эрежесин, мектепке барчу маршрутун так үйрөнүп алышы үчүн алар менен бир нече ирет мектепке чогуу барыңыз. Бул учурда ар бир белгини көрсөтүп, жолдон өтүү, анда жүрүү эрежелери тууралуу айтып, көрсөтүп беришиңиз зарыл;
  3. Жолдо тротуар же атайын жөө адамдар өтүүчү жерлер менен гана жүрүү керек. Колдон келсе көчөнүн оң жак тарабы менен баскан оң. Эгер андай шарт жок болсо, жолдун сол тарабы менен унаа каттамына карама-каршы карай баскыла. Мындай шартта айдоочулар сизди, сиздер унааны көрө аласыздар;
  4. Көчөнү кесип өтүүдө жол чыракка көңүл буруу шарт. Жашыл күйгөндө гана өтүш керек. Болбосо жөө адамдар өтүүчү чийинге барыңыз. Жол чийинге келгенде дароо эле өтүп кетпей, унаалар ылдамдыгын азайтканына көз жеткенден кийин гана кыймылды башташ керек. Алгач сол жагын карап биринчи катардагы унаалар токтогон соң кийинки катардагы машиналардын токтогонун көрүп туруп, анан өтүү зарыл. Андан соң оң жагындагы унааларды сөзсүз карап өтүңүз. Ошондой эле баланы алдыга коё бербей, артка калтырып салбай жанаша басканы дурус;
  5. Жолдо автоунаа токтогондо биринчи улуу адамдар түшүүсү керек. Эгер бала биринчи түшүп кетсе, ал күтүлбөгөн жерден жолго чыгып кетиши ыктымал;
  6. Автобустан түшкөндө дароо жолдон өтүп кетүүгө аракет кылбаңыз. Биринчи коомдук транспорт өтүп кетсин. Ошондо жолдун эки тарабы бирдей көрүнөт. Автобусту алдынан да, артынан да айланып өтүү кооптуу экендигин унутпаңыз. Анткени ал жерден дагы бир башка унаа чыгып калышы мүмкүн;
  7. Жаан, кар жааган учурда жолду кесип өтүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Анткени аба ырайынын кесепетинен көрүү мүмкүнчүлүгү айдоочуда да, жөө жүргүнчүдө да төмөндөйт;
  8. Жолдо велосипедди 14 жаштан өткөн балдарга гана тебүүгө уруксат берилген;
  9. Жашы 12ге чейинки бөбөктөрдү автоунаа менен ташууда сөзсүз түрдө аларды коргоочу жабдыктар болушу шарт. Колдон келсе атайын отургучтарды колдонуңуздар. Кокус жол кырсыгы катталып калса, жаракат алуу коркунучун төмөндөтөт.

Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара

Кайгуул милициясы көчөдө эрежени так сактаган ата-эне балдарына үлгү боло турганын айтып, бөбөктөрдүн ден соолугун жана өмүрүн сактап калууда алар маанилүү роль ойной турганын эскертти.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0