Контейнерде окубай калышат. Боронов жаңы курулуп жаткан мектептерди тизмектеди

Жазылуу
Өкмөт башчы кээ бир иштер кеч башталганына карабастан, мектептердин курулушу, оңдоп-түзөө  иштери өз убагында бүтөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бюджеттеги кыйын кырдаалга карабай жыл аягына чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер оңдоп-түзөлүп бүтөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Премьер-министр быйыл оңдоп-түзөө иштери бүтө турчу мектептерди атады. Алардын тизмеси:

  • Чүй облусунун Москва районундагы 1-Май мектеби. Ал 1931-жылы курулган. Билим берүү жайы авариялык абалда болгондуктан окуучулар пионер лагеринин имаратында окушчу;
  • Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя мектеби, 275 орун;
  • Кочкор районундагы Туз мектеби. Ал мүрзөнүн үстүндө курулган;
  • Нарын районундагы Эмгек-Талаа жана Кеңеш айылдарындагы мектеп. Ал жактарда балдар контейнерде билим алчу;
  • Кара-Суу районундагы Ак-Терек мектеби, андагы окуучулар дагы лагерде окушчу;

Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады. Cүрөт

  • Ноокат районундагы Жаш айылынын мектеби, 275 орун;
  • Өзгөн районундагы Конкошева мектеби. Андагы балдар турак үйлөрдө билим алчу;
  • 200 орундуу Өзгөн районундагы Кысык-Алма мектеби. Окуучулар айылдын конторунда окушчу;
  • Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылындагы мектеп. Имарат "фин үйү" сыяктуу салынган, кийин жарактан чыгып калган;
  • 450 орундуу Талас районундагы Нанаев атындагы мектеп.

Өкмөт башчы кээ бир иштер кеч башталганына карабастан, мектептердин курулушу, оңдоп-түзөө иштери өз убагында бүтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0