Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСууда сүзүп жүргөн өрдөк. Архив
Сууда сүзүп жүргөн өрдөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эртең, 6-августта, Кыргызстанда күндън ысыктыгы 38 градуска чейин чыгарын Кыргызгидромет билдирди.

Республика боюнча күн негизинен ачык болот. Абанын температурасы Чүй, Ош жана Жалал-Абадда +33…+38, Таласта +30…+35, Баткен облусунда +32...+37, Ысык-Көл өрөөнүндө +23...+28, Нарын жергесинде +24...+29 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +36...+38 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада +26...+28 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0