Тартип сактабаса, жабабыз! Балбак Түлөбаев Көлдө Жээнбековго убада берди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев. Архив
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус башчысы бүгүнкү күндө аталган аймакта медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү экенин билдирип, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жибергенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада түнкү клубдар жана кальян-барлар жабылат.Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барган. Жээнбеков жергиликтүү бийликти Ысык-Көл районунда, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында вирустун жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырган.

"Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктургандардын саны азайып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Чолпон-Атада түнкү клубдар жана кальян-барлар жабылат. Ошондой эле ал пансионат ээлерине коопсуздук алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылганын, эгер эрежелер аткарылбай, тартип сакталбаса, пансионаттар да жабыларын эскерткенин айтты", — деп жазылат маалыматта.

Облус башчысы бүгүнкү күндө аталган аймакта медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү экенин билдирип, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жибергенин кошумчалаган. Ал ыктыярчылар менен меценаттар да көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0