БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +19... +24 градус болору айтылды.
Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +28...+32, Ошто +30...+34, ал эми Чолпон-Атада +19...+21 градус болот.