БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусун жетектейт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга өкмөттөгү маалымат булагы билдирди.
Буга чейин интернетте Түлөбаев аталган аймакка жетекчи болуп барат деген маалымат чыккан. Ал эми Түлөбаев бул туурасында эч нерсе билбестигин жана андай сунуш түшпөгөндүгүн айткан эле.
Маалымат булагы аны Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын жамаатына эртең тааныштырыла тургандыгын айтты.
Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн башчылыгына дайындалабы? Бийликтин жана өзүнүн жообу
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Түлөбаев телефон чалууга жооп берген жок.
Эске салсак, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн өкүлү болуп 2018-жылдан бери Акылбек Осмоналиев эмгектенип келет. Түлөбаев да мэрияда 2018-жылдан бери иштейт.