00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чыккан кыз чийден тышкары. Жээнбеков талкууга түшкөн кыз-күйөөсү тууралуу айтты

Жазылуу
Өлкө башчыга "үй-бүлөңүз тууралуу дээрлик маалымат жок экен. Жакындарыңыз элге жардам берип жатабы?" деген суроо берилген.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кызым Бактыгүл Жээнбекова күйөө балам менен пандемия башталгандан бери, апрелден тарта эле муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип келе жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчыга "жакында эле медицина факультетин бүткөн президенттин кызы эмнеге эл катары оорулууларды дарылабайт" деген талкуулар болду. Сиздин үй-бүлөңүз тууралуу дээрлик маалымат жок экен. Жакындарыңыз элге жардам берип жатабы?" деген суроо берилген.

Жээнбеков кызы медик эмес экенин айтып, учурда балдары менен үйдө экенин белгилеген.

"Кызым боюнча тактоо киргизип коеюн. Ал Славян университетинин финансы факультетин бүтүргөн. Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө. "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, өз үй-бүлөсү менен алек. Күйөө балам экөө пандемия башталгандан бери, апрелден тарта муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип жатыптыр. Кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот экен. Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Кайрымдуулук иштерин деле тынч жасап жатат, аны токтотпойт деп ойлойм", — деп жооп берген президент.

Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү болот

Ал жубайы дагы кайрымдуулук иштери менен көптөн бери алектенип келе жатканын кошумчалаган.

"Жубайым көп жылдан бери эле мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук ишин жасап келет. Бирок кайда, кимге берет, алган кишилер дагы жардамды жубайым берип жатканын билбейт. Баягы "оң колуң бергенди сол колуң билбесин" деген принцип менен иштеп келе жатат. Азыр деле үй-бүлөбүздүн мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол кайрымдуулук иштерди улантат", — деген өлкө башчы.

Белгилей кетсек, өлкө башчынын бир уул, бир кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0