Жекшембиге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCEЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-июлда түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүйдүн дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июль, жекшембиде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл өрөөнүндө +24...+29 жана Нарын аймагында +22...+27 градус болору айтылды.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Борбор калаада жана Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0