Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр ФедоровБурана мунарасы. Архив
Бурана мунарасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жана Нарындын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июль. — Sputnik. 17-июль күнү өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл аймагында +25...+30 жана Нарын жергесинде +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0