Бишкекте жөө адамды автоунаа коюп кетип, каза болуп калды

Жазылуу
Кырсык Тоголок Молдо менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу кармалып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Борбор калаада жөө кишини автоунаа коюп кетип, каза болуп калды. Бул туурасында Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 5-июль күнү, Тоголок Молдо менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Рулга туура отур! Эксперт айдоочунун алты "жаңылыштыгын" атады

"Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, 24 жаштагы айдоочу Honda Fit менен Тоголок Молдо көчөсүндө келе жатып, 50-55 жаштагы кишини коюп кеткен. Ал адам ошол жерден мүрт кеткен", — деп айтышты Кайгуул милициясынан.

Айдоочу кармалып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader