https://sputnik.kg/20251230/1098927458.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде Алмазбек Атамбаевдин бардык наамдарынан ажыратылганына комментарий берди.Ал... 30.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-30T13:00+0600
2025-12-30T13:00+0600
2025-12-30T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1e/1098927292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0bafaab55152ab6d0e87513b350fde97.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде Алмазбек Атамбаевдин бардык наамдарынан ажыратылганына комментарий берди.Ал президенттин жарлыгы соттун өкүмүн аткаруу максатында чыгарылганын белгилеп, бул азыр жаңылык болуп жатканына таң калган."Экс-президент макамынан ажыратуу жараяны — президентке импичмент жарыялоого тете процесс. Ошол сыяктуу эле Башкы прокуратура катышып, комиссия түзүлөт. Ал Конституциялык соттон өтүп, ЖК депутаттарынын үчтөн экиси ал чечимди колдоп бериши керек. Биз баланчанын экс-президент статусу алынган деп жүрөбүз. Бирөө гана мурдагы президент макамынан ажыратылган, ал — Алмазбек Атамбаев. 2019-жылы июнда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы Атамбаевди экс-президент наамынан ажыраткан", — деди Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде.Ал ошондой эле мурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө тарыхый баа берилип жатканын кошумчалады.
"Тазалык" ишканасынын үч кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.Алардын бирөөсүнүн сөөгү бүгүн эртең менен табылган.Алдын ала маалымат боюнча, алардын бирөө тайгаланып сууга түшүп кеткен, экөө аны куткармакчы болуп, бирок, тилекке каршы, кошо аккан.
Кумтөр быйыл 12 тонна алтын өндүрүп, 124 миллиард 216 миллион сомдон ашык киреше тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков жазды.Анын айтымында, ишканадан келген бир жылдык үлүштүк киреше 150 миллион долларга жеткен. Кенди чет элдиктер иштеткен 29 жылда болгону 101 миллион доллар дивиденд түшкөнү белгиленди."Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз 1 миллиард 420 миллион доллардан ашты", — деген Орунбеков. Белгилей кетсек, IV Элдик курултайда Садыр Жапаров Кумтөр кени быйыл 678 миллион доллар таза киреше бергенин билдирген.
Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин Fox News каналындагы маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасс аймагынан чыгаруудан кайрадан баш тартканын айтты. "Биз аскерлерди жөн эле чыгара албайбыз. Бул биздин мыйзамдарга каршы келет", — деди ал. Зеленскийдин айтымында, жолугушуудан кийин ал АКШдан коопсуздук кепилдиктерин Конгресс тарабынан ратификациялоону талап кылган жана Ак үйдүн башчысынын чечими ага жетишсиз экенин билдирген. "Биз президент Трампты жана анын таасирдүү чечимин сыйлайбыз. Бирок, албетте, бул үчүн бизге Конгресс керек. Балким Сенат, же Конгресс. Биз бул коопсуздук кепилдиктеринин юридикалык жактан бекитилишин каалайбыз", — деди Зеленский. Ал ошондой эле Украинадагы жаңжал бүткөндөн кийин бийликтен кетерин билдирди.Эскерте кетсек, Украинанын жаңы президенти 2024-жылдын 31-мартында шайланышы керек болчу. Бирок согуштук абал менен жалпы мобилизацияга байланыштуу шайлоо жокко чыгарылган. Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөн жылдын 20-майында эле аяктаган, бирок Киев режиминин башчысы өлкөнүн президенти шайланганга чейин мыйзамдуу бойдон кала берет деп жарыялаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде Алмазбек Атамбаевдин бардык наамдарынан ажыратылганына комментарий берди.Ал президенттин жарлыгы соттун өкүмүн аткаруу максатында чыгарылганын белгилеп, бул азыр жаңылык болуп жатканына таң калган."Экс-президент макамынан ажыратуу жараяны — президентке импичмент жарыялоого тете процесс. Ошол сыяктуу эле Башкы прокуратура катышып, комиссия түзүлөт. Ал Конституциялык соттон өтүп, ЖК депутаттарынын үчтөн экиси ал чечимди колдоп бериши керек. Биз баланчанын экс-президент статусу алынган деп жүрөбүз. Бирөө гана мурдагы президент макамынан ажыратылган, ал — Алмазбек Атамбаев. 2019-жылы июнда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы Атамбаевди экс-президент наамынан ажыраткан", — деди Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде.Ал ошондой эле мурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө тарыхый баа берилип жатканын кошумчалады."Тазалык" ишканасынын үч кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.Алардын бирөөсүнүн сөөгү бүгүн эртең менен табылган.Алдын ала маалымат боюнча, алардын бирөө тайгаланып сууга түшүп кеткен, экөө аны куткармакчы болуп, бирок, тилекке каршы, кошо аккан.Кумтөр быйыл 12 тонна алтын өндүрүп, 124 миллиард 216 миллион сомдон ашык киреше тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков жазды.Анын айтымында, ишканадан келген бир жылдык үлүштүк киреше 150 миллион долларга жеткен. Кенди чет элдиктер иштеткен 29 жылда болгону 101 миллион доллар дивиденд түшкөнү белгиленди."Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз 1 миллиард 420 миллион доллардан ашты", — деген Орунбеков. Белгилей кетсек, IV Элдик курултайда Садыр Жапаров Кумтөр кени быйыл 678 миллион доллар таза киреше бергенин билдирген.Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин Fox News каналындагы маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасс аймагынан чыгаруудан кайрадан баш тартканын айтты. "Биз аскерлерди жөн эле чыгара албайбыз. Бул биздин мыйзамдарга каршы келет", — деди ал. Зеленскийдин айтымында, жолугушуудан кийин ал АКШдан коопсуздук кепилдиктерин Конгресс тарабынан ратификациялоону талап кылган жана Ак үйдүн башчысынын чечими ага жетишсиз экенин билдирген. "Биз президент Трампты жана анын таасирдүү чечимин сыйлайбыз. Бирок, албетте, бул үчүн бизге Конгресс керек. Балким Сенат, же Конгресс. Биз бул коопсуздук кепилдиктеринин юридикалык жактан бекитилишин каалайбыз", — деди Зеленский. Ал ошондой эле Украинадагы жаңжал бүткөндөн кийин бийликтен кетерин билдирди.Эскерте кетсек, Украинанын жаңы президенти 2024-жылдын 31-мартында шайланышы керек болчу. Бирок согуштук абал менен жалпы мобилизацияга байланыштуу шайлоо жокко чыгарылган. Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөн жылдын 20-майында эле аяктаган, бирок Киев режиминин башчысы өлкөнүн президенти шайланганга чейин мыйзамдуу бойдон кала берет деп жарыялаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1e/1098927292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_20151dc4192dfe172d0b833f5e5bfd9f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио