https://sputnik.kg/20251231/1098941538.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын №13 округ боюнча кайра шайлоонун күнүн, ошондой эле аны даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасын бекитти. Шайлоо... 31.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-31T09:00+0600
2025-12-31T09:00+0600
2025-12-31T09:36+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1f/1098941372_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_203ecc42cf088181608b7afcf5880879.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын №13 округ боюнча кайра шайлоонун күнүн, ошондой эле аны даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасын бекитти. Шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды. Республикалык бюджеттен 18 миллион 507 миң сом бөлүнөт. Сметага шайлоону уюштуруу жана маалыматтык камсыздоо, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, тамак-ашка берилүүчү суткалык төлөмдөр киргизилген. Борборлоштурулган сатып алуулар, участокторду техникалык жактан жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу иш-чаралары жана командировкалык чыгымдар да каралган. "Эсептөөлөр 15 адамдан турган бир округдук шайлоо комиссиясынын жана 965 адамдан турган 94 участкалык шайлоо комиссиясынын ишинин негизинде жүргүзүлдү. Анын ичине АСУ операторлору жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулар да кирет", — деди БШК. Эскерте кетсек, 9-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 30 шайлоо округдун ичинен 29унда добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен. 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузуулар катталгандыктан жокко чыгарылган. Эрежеге ылайык, кайра шайлоо бир айдын ичинде дайындалат, ага мурдагы 14 талапкердин бири да катыша албайт.
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтарды көрсөттү. Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 529,8 миң салык төлөөчүгө кызматтар онлайн түрдө, ал эми 631,7 миң салык төлөөчүгө офлайн режимде көрсөтүлдү. Тактап айтканда, 370,4 миң салык төлөөчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымкат алуу кызматын колдонду.Мындан тышкары, январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору 173,5 миң салык төлөөчүгө ар түрдүү салыктык маселелер боюнча консультацияларды берди.**2025-жылдын январь-октябрь айларында өлкөнүн туруктуу калкы 103,4 миңге, же 1,4%га көбөйүп, 1-ноябрга карата 7 млн 385 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-октябрь айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 117,3 миң жаңы төрөлгөн бала катталган, бул 1000 адамга 19,2ни түзөт. Ал эми каза болгон адамдардын саны 27 миңди же 1000 адамга 4,4тү түздү. Натыйжада, калктын натуралдуу өсүшү 90,3 миң адамга же 1000 адамга 14,8ге жетти. 2025-жылдын январь-октябрь айларында калктын табигый өсүшү эң көп Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталып, Бишкекте эң аз болду.
"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурлан Айдиев мекеме улуттук маалыматтык системаны ишке киргизип жатканын айтты. "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып, аны жасалма интеллектинин негизинде иштеп чыкты.Адистин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун 2026-жылдын 15-январынан тарта толук ишке берүү пландалып жатат.Ошондой эле ал быйыл Калкты тейлөө борборлору тарабынан 3,6 миллион кызмат көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын №13 округ боюнча кайра шайлоонун күнүн, ошондой эле аны даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасын бекитти. Шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды. Республикалык бюджеттен 18 миллион 507 миң сом бөлүнөт. Сметага шайлоону уюштуруу жана маалыматтык камсыздоо, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, тамак-ашка берилүүчү суткалык төлөмдөр киргизилген. Борборлоштурулган сатып алуулар, участокторду техникалык жактан жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу иш-чаралары жана командировкалык чыгымдар да каралган. "Эсептөөлөр 15 адамдан турган бир округдук шайлоо комиссиясынын жана 965 адамдан турган 94 участкалык шайлоо комиссиясынын ишинин негизинде жүргүзүлдү. Анын ичине АСУ операторлору жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулар да кирет", — деди БШК. Эскерте кетсек, 9-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 30 шайлоо округдун ичинен 29унда добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен. 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузуулар катталгандыктан жокко чыгарылган. Эрежеге ылайык, кайра шайлоо бир айдын ичинде дайындалат, ага мурдагы 14 талапкердин бири да катыша албайт.Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтарды көрсөттү. Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 529,8 миң салык төлөөчүгө кызматтар онлайн түрдө, ал эми 631,7 миң салык төлөөчүгө офлайн режимде көрсөтүлдү. Тактап айтканда, 370,4 миң салык төлөөчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымкат алуу кызматын колдонду.Мындан тышкары, январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору 173,5 миң салык төлөөчүгө ар түрдүү салыктык маселелер боюнча консультацияларды берди.**2025-жылдын январь-октябрь айларында өлкөнүн туруктуу калкы 103,4 миңге, же 1,4%га көбөйүп, 1-ноябрга карата 7 млн 385 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-октябрь айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 117,3 миң жаңы төрөлгөн бала катталган, бул 1000 адамга 19,2ни түзөт. Ал эми каза болгон адамдардын саны 27 миңди же 1000 адамга 4,4тү түздү. Натыйжада, калктын натуралдуу өсүшү 90,3 миң адамга же 1000 адамга 14,8ге жетти. 2025-жылдын январь-октябрь айларында калктын табигый өсүшү эң көп Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталып, Бишкекте эң аз болду."Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурлан Айдиев мекеме улуттук маалыматтык системаны ишке киргизип жатканын айтты. "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып, аны жасалма интеллектинин негизинде иштеп чыкты.Адистин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун 2026-жылдын 15-январынан тарта толук ишке берүү пландалып жатат.Ошондой эле ал быйыл Калкты тейлөө борборлору тарабынан 3,6 миллион кызмат көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1f/1098941372_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e9f6babbea6c4de47beeab0650278508.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио