Рулга туура отур! Эксперт айдоочунун алты "жаңылыштыгын" атады

© Фото / PixabayУнаа айдап бараткан киши. Архив
Унаа айдап бараткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун рулга туура отурушунан да көп нерсе көз каранды.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "За рулем" журналынын автоэксперти Илья Пименов айдоочулардын кырсыкка алып келүүчү алты "катасын" атады. Адистин пикирин журналга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Пименов белгилегендей, айрымдар машинанын капотун жакшы жаппай коёт. Эксперттин айтымында, капот ачылып кетип жүрүп бараткан машинанын маңдайкы терезесине тийип, аны талкалаганы аз келгенсип унаанын астыңкы бөлүгүнүн тирөөчтөрүн кыйшайтып салары турган иш.

"Эң коркунучтуусу, айдоочу көз ачып-жумгуча алды жагын көрө албай калат", — деп эскертти ал.

Экинчиден, айдоочулар жолдогу унаалардын агымын карабай эле автомобилдин эшигин ачып жиберишет.

Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер

Үчүнчүдөн, кээ бир унаа ээлери караңгыда жакынды көрсөтүүчү жарыкты күйгүзүүнү унутуп калышат же бет маңдайынан унаа чыккан маалда алыскы жарыкты өчүрбөй коюшат.

"Мындан улам сиз жолго чыга калган жаныбарды же жөө киши өтүүчү өтмөктү байкабай каласыз. Андан тышкары, алыскы жарык башка айдоочунун көзүнө чагылышып, ал жолду көрө албай кыйналат", — деди эксперт.

Айдоочулар тарабынан жасалган каталардын бири — дөңгөлөктүн буроосу менен болтторун жакшы бурабай коюу.

"Машина жүрүп бара жатканда дөңгөлөгү чыгып кеткен учур көп катталат. Анын кесепети жол кырсыгына алып келет. Өзгөчө ыргыган дөңгөлөк каршы тилкеде катуу ылдамдыкта келе жаткан унаага тийиши мүмкүн. Ошондуктан аны алмаштырууда динометрикалык ачкычты пайдаланган оң", — деп белгилейт эксперт.

Бешинчиси, көп айдоочулар дөңгөлөктүн желин текшерүүнү унутуп калышат. Алыс жолго чыгарда компрессор менен бир сыйра үйлөтүп же желимдөөчү жайга барып текшертип алган оң. Эскисин убагы менен жаңыртып турган жакшы.

Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже

Алтынчысы, көптөгөн айдоочулар рулга туура эмес отурушат.

"Айдоочу да, жүргүнчүлөр да жолдогу кырдаал бир секундда өзгөрүп кетиши мүмкүн экендигин унутуп калышат. Ушундан улам адам өмүрү менен кош айтышкан учурлар көп кездешет", — деп эскертти Пименов.

Анын айтымында, айдоочунун рулга туура жайланышканынан да көп нерсе көз каранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0