БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталды, бирок алардын ысымдарын атай албайбыз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Модератор министрден депутаттардын анализинин жыйынтыгын сураган. Абдикаримов эл өкүлдөрүнөн оору чыкканын тастыктаганы менен аты-жөнүн жана санын айткан жок.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан жана Бейшеналы Нурдинов аттуу депутаттан коронавирус аныкталганына байланыштуу башка эл өкүлдөрүн ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталган. Алардын басымдуу бөлүгүнүн анализи таза чыкса, ушул аптада Жогорку Кеңештин жыйындары өтмөк.