COVID-19: депутаттардын анализи таза чыкса, эмки жумада ЖК жыйыны болот

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентке сырттан адистер жана пресса киргизилбейт. Басма сөз кызматтын эки кызматкери иштеп, пленардык түз эфирге чыгарат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчисинен жана бир депутаттан коронавирус аныкталганына байланыштуу башка эл өкүлдөрүн ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталды. Эми алардын басымдуу бөлүгүнүн анализи таза чыкса, келерки аптада Жогорку Кеңештин жыйындары өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын өзү вирус жуктуруп алып, дарыланып жаткан жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык такмактагы баракчасына жазды.

"Бирок сырттан адистер жана пресса киргизилбейт. Басма сөз кызматтын эки кызматкери шаршемби жана бейшемби күндөрдөгү жыйындарды телеканалдардын биринен жана kenesh.kg сайтынан түз эфирге чыгарат", — деп жазылган анын постунда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси жана депутат Бейшеналы Нурдиновдон вирус аныкталган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0