Айтматов менен чогуу Ысык-Көлдү сагынып... 65ке чыккан Муратбек Бегалиев

Жазылуу
Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин туулган күнү. Көптөгөн сыйлыктардын лауреаты, таланттуу музыкант 65 жашка толду. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Маданият министри Кондучалова жазуучу Аалы Токомбаев менен - Sputnik Кыргызстан
Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери
Муратбек Бегалиев 1955-жылы 21-июнда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында төрөлгөн. Элетте жүргөндө музыкага кызыгуусу артып, 7-классты аяктаганда түйүнчөгүн түйүп Фрунзеге билим алганы качып кеткен. Борбордогу мектепти бүтүрүп, Москвадагы музыкалык институтка барып өтпөй калат. Кыргызстанга келип Мукаш Абдраевдин шакирти болуп, Искусство институтунда билим алган. Андан соң Петр Чайковский атындагы консерваторияда окуган. Жаш адис Москвадагы консерваториядан кайтып келип Фрунзеде мугалимдикти аркалап, чыгармачылык менен алектенип, камералык, симфониялык, эстрадалык чыгармаларды жаратып, кийин эмгек жолун Европада улантат.

Бирок 1990-жылдары кыйын абалда калган кыргыз маданиятын көтөрүү максатында мекенине кайтып Улуттук консерваторияны ачкан. Аталган окуу жайды Бегалиев 27 жылдан бери жетектөөдө.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси 35 жашында Зенона Слензак аттуу польшалык виолончелист кызга үйлөнгөн. Жубайлардын учурда бир кызы бар. Ал да ата-энесиндей музыкага ыктап, фортепианодо, скрипкада ойнойт.

Композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваБегалиев 29 жашында СССРдин композиторлор союзуна мүчө болгон
Народный артист КР, композитор, ректор Кыргызской Национальной консерватории Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
1/12
Бегалиев 29 жашында СССРдин композиторлор союзуна мүчө болгон
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваБолочоктогу атактуу композитор өспүрүм кезинде билим алуу үчүн айылдан борбор калаага качкан. Оңдон биринчи турган окуучу Муратбек Бегалиев
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
2/12
Болочоктогу атактуу композитор өспүрүм кезинде билим алуу үчүн айылдан борбор калаага качкан. Оңдон биринчи турган окуучу Муратбек Бегалиев
© из личного архива Муратбека БегалиеваАпасы жана жакындары менен отурган жылаңбаш бала Муратбек Бугалиев
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
3/12
Апасы жана жакындары менен отурган жылаңбаш бала Муратбек Бугалиев
© Фото / из личного архива Муратбека Бегалиева1980-жылдары эле Бегалиевдин чыгармалары дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде аткарылчу
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
4/12
1980-жылдары эле Бегалиевдин чыгармалары дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде аткарылчу
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваМурдагы маданият министри, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
5/12
Мурдагы маданият министри, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваЖаш музыкант Германияда  билим алып, ал жактан чыгармачылыгын өркүндөткөн
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
6/12
Жаш музыкант Германияда  билим алып, ал жактан чыгармачылыгын өркүндөткөн
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваУлуу агалары менен акылдашкан жаш композитор
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
7/12
Улуу агалары менен акылдашкан жаш композитор
© Фото / из личного архива Муратбека Бегалиева КРдин эл артисти Муратбек Бегалиев, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
8/12
КРдин эл артисти Муратбек Бегалиев, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваКРдин эл артисти аялы Зенона Слензак менен. Жубайлар бир кызды тарбиялап чоңойткон
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
9/12
КРдин эл артисти аялы Зенона Слензак менен. Жубайлар бир кызды тарбиялап чоңойткон
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваЖазуучу Чыңгыз Айтматов менен Муратбек Бегалиев жакын мамиледе болушкан. Алар белгилүү "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу чыгарманы  Люксембургда чогуу жараткан
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
10/12
Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Муратбек Бегалиев жакын мамиледе болушкан. Алар белгилүү "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу чыгарманы  Люксембургда чогуу жараткан
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваПрофессор 27 жылдан бери өзү ачкан борбор калаадагы Улуттук консерваториянын ректору
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
11/12
Профессор 27 жылдан бери өзү ачкан борбор калаадагы Улуттук консерваториянын ректору
© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваЗалкар композитор Казак ССРинин эл артисти, скрипач Айман Мусаходжаева менен, 2006-жыл 
Народный артист КР, композитор Муратбек Бегалиев  - Sputnik Кыргызстан
12/12
Залкар композитор Казак ССРинин эл артисти, скрипач Айман Мусаходжаева менен, 2006-жыл 
Жаңылыктар түрмөгү
0