БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун капитаны Лионел Мессинин фанаты аны менен сүрөткө түшүү үчүн оюн талаасына чуркап чыкты. Бул тууралуу Eurosport маалымдады.
Аргентина командасынын футболкасын кийген жигит оюндун экинчи таймында газонго чуркаган тейде, кирип барган. Аны күзөтчүлөр дароо эле артка кайтарышканы айтылды.
Ал журналисттерге берген маегинде атын атоодон баш тартып, Испанияда жашаган француз экенин, футбол жылдызы менен сүрөткө түшүүнү көптөн бери кыялданып жүргөнүн айткан.
"Селфи тартканга жетиштим, бирок полиция кызматкерлери өчүрүүгө мажбур кылды. Эми айып пул төлөйм. Мен эки метрлик дарбазаны ашып өтүп, тепкичтерден секирип, оюн талаасына чуркап баргам", — деди фанат.
An empty stadium did not keep a fan from finding the pitch in Barcelona’s match against Mallorca on Saturday.#messi #fcbarcelona
— oigetit_sports (@oigetit_sports) June 14, 2020
Read more: https://t.co/ExEUNpj3SV pic.twitter.com/cS5DvLzsAe
"Мальорка" стадионунун администрациясы Мессинин күйөрманы түштүк тараптагы күзөтчүлөр кайтарбаган дарбазадан ашып өтүп, чуркагандыгын билдиришкен.