БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, көз жумган киши Ош облустук ооруканасында дарыланып жаткан.
"Көз жумган киши 52 жаштагы эркек. Анын оорусу өтө курч мүнөздө кармаптыр. Үч күн мурда катуу ооругандыктан, менчик ооруканага барып амбулатордук шартта дарыланып жүрүптүр. Бирок абалы жакшырбай, мобилдик бригадага чалып анализ тапшырганда, ал бейтаптан коронавирус табылган. Каза болгон киши интенсивдүү дарыланууга карабай, дем ала албай, жүрөгү да ооруп каза болгон", — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2207ге жетип, анын ичинен 1722си айыгып, 27 бейтап көз жумду.