БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда 54 бейтап коронавирустан сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Алардын ичинен 27си Бишкек шаарынан, 20сы Нарын облусунан, үчөө Чүй облусунан, Ош шаарынан үчөө жана Ош шаарынан бир киши", — деди Үсөнбаев.
Республика боюнча жалпы 1722 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.