00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЭкзаменге катышкандардын биринин документтери, калемдер жана көз айнек. Архив
Экзаменге катышкандардын биринин документтери, калемдер жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку окуу жайларга документ тапшыруу жана билим алуунун жол-жобосун Москва мамлекеттик  психология-педагогикалык университетинин өкүлдөрү айтып беришти.

Ушу тапта коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам дүйнө жүзүндө чектөөлөр киргизилип, бир топ иш-чаранын мөөнөтү жылды. Айрымдарын онлайн-форматка өткөрүү учурдун талабы болуп турат. Sputnik кабарчысы Лев Рыжков Россиянын жогорку окуу жайларынын графиги тууралуу кенен макала даярдаган.

Чет элдик абитуриенттер үчүн үч жол бар

Пандемиядан улам өлкөлөрдөгү киргизилген чектөөлөргө карабастан чет элдик жарандар быйыл Россиянын окуу жайларынан билим ала алат.

Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин ректору Аркадий Марголистин айтымында, окуу жай постсоветтик мамлекеттердин дээрлик бардыгы менен иштешет.

"Мурунку СССРге кирген республикалардын баарынан студенттер бар. Биз Роскызматташтык жана анын ар бир өлкөдөгү өкүлчүлүгү менен тыгыз иштешебиз. Постсоветтик мамлекеттерде өткөн билим берүү көргөзмөлөрүнүн дээрлик бардыгына катышып келе жатабыз", — деди ал.

Роскызматташуунун квотасы менен тапшырып жаткан абитуриенттер быйыл тынчсызданбай эле койсо болот, анткени бардык арыздар каралып бүттү. Бирок кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Сергей Будыкин россиялык диплом алуу үчүн Федералдык агенттиктин жардамынан башка да жолдор бар экенин белгилейт.

С 17 марта вузы переводят студентов на дистанционное обучение из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
"Экинчи варианты — россиялыктарды мекенине кайтаруу боюнча мамлекеттик программа. Бул үчүн ата-энесинин СССРде туулганын күбөлөндүргөн документ, өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүп, мекендеш экенин тастыкташы керек. Бул учурда сиз бюджеттик орун үчүн ат салыша аласыз", — деди Будыкин.

Ал эми ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин (Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Армения) бүтүрүүчүлөрү Россия жарандары менен бирдей эле бюджеттик орунга тапшыра алат.

"Арыз берүү үчүн кошумча документ тиркөөнүн кажети жок. Болгону буга чейинки алган билими тууралуу жана абитуриенттин өздүгүн тастыктаган документтин (адатта бул паспорт) нотариалдык котормосу керек", — деди жооптуу катчы.

Документтерди электрондук вариантта интернет аркылуу тапшырса болот.

Түйшүктүү август

Быйыл окуу жайга тапшыруу мөөнөтү кыйла жылганы маалым. Абитуриенттер менен ата-энелерди экзамен качан башталат деген суроо да түйшөлтүп келет.

Будыкиндин айтымында, 2020-жылдын 20-июну РФ ЖОЖдору документ кабыл алууну баштоого милдеттүү болгон акыркы күн.

"Азырынча кабыл алуу качан аяктаары белгисиз. Анткени ЖОЖдун баары Бирдиктүү мамлекеттик экзамендин жана иштерди текшерүү расписаниесинин расмий бекитилишин күтүп жатат", — деди ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат
Экзамен тапшырчулардын басымдуу бөлүгү 23-июлда келет деп болжолдонуп жатат. Ал эми 25-июль резервдик күн деп белгиленди.

"Эксперттер иштерди үч күн текшерет. Эгер негизги агымга басым жасай турган болсок, экзамен 26-июлда бүтөт. Андан 23 календардык күндү санайбыз. Бул учурда 19-августта мамлекеттик экзаменден кийин тапшыра турган жарандардын документин кабыл алууну аякташыбыз керек", — деди Будыкин.

Анын айтымында, чет элдиктер экзамендерди классикалык вариантта, башкача айтканда, мамлекеттик экзаменсиз тапшыра алат.

"Бул учурда 23 эмес, 9 календарлык күн эсептелет. Мындан улам экзамендер нагизги агым үчүн 4-августта башталып, 6-август резервдеги күн болот. Демек, документ тапшыруу мөөнөтү бир топко жылды", — деди жооптуу катчы.

Окуу жылы

Ал эми жаңы окуу жылы өз маалында, 1-сентябрда, башталмай болду. Ректор Аркадий Марголистин айтымында, окуу процессинин жүрүшү боюнча азыр үч сценарий бар.

"Биринчисинде окуу жылы кадимки шартта, тагыраагы, күндүзгү окуу формасында болот. Мында буга чейинки жылдардан эч өзгөрүү болбойт. Ошол эле учурда окуу процесси башкача болушу мүмкүн экенин да четке какпайбыз. Социалдык аралыкты сактоо режими калышы ыктымал. Мындай кырдаалда дистанттык моделди да ойлонуштурушубуз керек. Мындан тышкары, аралыктан окуу режими көпкө чейин сакталып калышы мүмкүн", — деди жетекчи.

Марголис окуу процессинин бардык сценарийи каралып жактанын белгилеп, студенттердин материалдык-техникалык жактан камсыздалуусу да эске алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0