БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Оштун Ак-Буура дарыясынан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 7-июнь күнү Кара-Суу районунда 18 жаштагы жигит Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, уландын сөөгүн 8-июнь күнү 05:30дарда таап туугандарына өткөрүп беришкен.