00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Казус белли и природа войны - политолог о том, как начинаются конфликты
14:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уй кайтарган балдарга бычак менен кол салып... Майдагы соттук өкүмдөр

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда бычагы бар киши. Иллюстративдик сүрөт
Колунда бычагы бар киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узап кеткен айда өлкө аймагындагы фемида өкүлдөрү адам өмүрүнө кол салган бир топ кылмыш иштерин карады. Анын арасында аталаш тууганын өлтүргөн жигиттин, өспүрүмдү бычактаган кошунанын былыктары бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги май айында чыккан чуулуу соттук иштердин айрымдарын сунуштайт.

Тууганын киши колдуу кылган

34 жаштагы айыпталуучу достору менен козу союп, куурдак жасап үйдө арак ичип майрамдашкан. Дасторкондо тамак ичип отурган маалда үй ээси менен тууганынын ортосунда уруш чыгып, экөө жулкулдашкан боюнча сыртка чыгып кетет. Мушташып жатып бири экинчисин бычактап, ал ошол жерден көз жумган. Сот беш баланын атасын 12,5 жылга темир тор артында калтырып, 110 миң сом айып пул салды.

Өспүрүмдү бычактаган кошуна

2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы
Дарбазасына таш тийгенине жини келип, уй кайтарып жүргөн балдардын бирин кармап алып бычак шилтеген кишини сот алты айга эркинен ажыратты. Жабырлануучу жашы жете элек өспүрүм экени айтылды. Балдар уй айдап келе жатышкан. Үй ээси дарбазасына таш тийгенден кийин балдарды кубалап, бирөөсүн кармап алып чөнтөгүнө сала чыккан бычагы менен моюнга сайып жиберген. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип аман калган. Тергөө маалында колго түшкөн кошуна кылганын жарым-жартылай мойнуна алып, мындай кадамга өспүрүмдөрдү коркутуп коюу үчүн гана барганын айткан. Эми алты ай абакта болмокчу.

Соттолгон кайнене

Ош облусундагы айылдардын биринде 49 жаштагы аял келинине кол көтөргөн. Жаш келин маркум кайнатасына куран окутканы айылга барып, кайненеси менен уруша кеткен. Ошондо жесир аял келинин "үйдөн чыгып кет" деп жулмалап дубал сүздүрүп, ден соолугуна зыян келтирген. Айыпталуучу ага карата кол көтөрбөгөндүгүн жана жөн гана "сен 15 жылдан бери келбей, эми эмне келип калдың" деп кайрылгандыгын айткан. Сот мурда-кийин соттолбогон беш баланын энесин 50 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин кабыл алды.

Айылдашын айры менен сайып жиберген

Ысык-Көл облусунун кымызкана иштеткен 45 жаштагы тургуну айылдашын айры менен сайып жиберип беш жылга кесилип кетти. Жабыркаган жаран шериги менен кымыз ичкени келип, эс алуучу жайдын ээси менен уруша кеткен. Ал мас болгон кардарлардын бирин ичке сайып жиберген.

Сотто айыпталуучу өлтүрүүгө аракет кылбагандыгын айтып, айры кокусунан сайылып кеткендигин билдирген.

"Кымыз ичкени келгендердин арак ала келгенин көргөм. Бир маалда экөө мас болуп кардарларга тийише баштаганда кетип калгыла дегем. Ошондо бирөөсү менен уруша кетип, аны бир жолу чаап жибергем. Ал жыгылып, бир аздан кийин туруп кетип калган. Жанындагы шериги мени бир муштап калууга жетишкен. Мен жыгылып, алым жетпей турганын билип, айры менен коркута баштагам. Кандай болуп кеткенин билбейм, бир маалда карасам айры сайылып калыптыр. Бул окуя этиятсыздыктан болду, кылган ишиме өкүнөм жана жеңил жаза берүүңүздү өтүнөм", — деп көрсөтмө берген.

Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип аман калган. Ал эми 45 жаштагы ишкер беш жыл бою камакта болот.

Чет элдикти алдаган шылуун

Темир тор артындагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жорж Клунинин фонду Оштогу соттолгон аялдын укугу үчүн күрөшүүдө
Сот жоопкерчилигине тартылган адам кытайлык жарандан 100 миң доллар акча алып, жогорку кызматтагы аткаминерлер менен тааныштырып, көйгөйлүү маселесин чечүүгө көмөктөшмөк болот. Бирок ал ири суммадагы акчаны алып таптырбай кеткен. Сот ал шылуунду үч жылга шарттуу кесип, бир жылдын ичинде жабырлануучуга алты миллион 865 миң сомду кайтарып берүүгө милдеттендирди.

Бычакташкан достор

30 жаштагы эркек жеке күзөт фирмада иштеген досу менен түн ортосунда кардарлар таштап кеткен тыйынды бөлүшө албай мушташа кетип, шеригине бир нече жолу бычак сайып, ден соолугуна оор зыян келтирген. Бактыга жараша, бычакталган жигит ооруканага жеткирилип аман калган. Териштирүүдө шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, соттон кечирим сураган. Ал эми жабыр тарткан тарап доосу жок экенин билдирген. Сот аны үч жылга эркинен ажыратып, 110 миң сомду мамлекетке төлөмөр кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0