Мирзахмедов: Чаткал району COVID-19дан толугу менен тазаланды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаткал району Ат-Башы  району сыяктуу Кыргызстандагы COVID-19 массалык түрдө табылган аймактардын бири болгон.

БИШКЕК, 2-июн.— Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын баары айыгып, район тазаланды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин аталган райондо жалпы 38 кишиден коронавирус табылган. Анын баары Каныш-Кыя айылынын тургундары болгон.

"Коронавирус Чаткалда массалык түрдө катталган. Бактыга жараша, ал жакта учурда абал турукташып, вирус жуктурган бейтаптардын баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Мирзахмедов.

Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Баткенде бейтаптардын 70%ы коронавирусту сырттан жуктурган. Облустагы абал
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Чаткалдагы Каныш-Кыя айылында коронавирус табылганын айтып, бийлик ооруну убагында токтотуп калууга жетишкенин кошумчалаган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылган. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районуна кошулуп Чаткалдын Каныш-Кыя айыл аймагына да карантин жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0