Күнөөлүүлөр жоопко тартылсын. Боронов менен Өзбекстан премьери Арипов жолукту

© Фото / пресс-служба правительства КРБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушу
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы Чечме өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө зарылдыгын айтышкан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп, чек арага жакын аймактагы элдин кечээги жаңжалын талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ворух айылы. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарапка дагы кайрылуу жасады
"Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу өкүнүү билдиришти. Жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө зарылдыгы айтылды. Чектеш аймактарда чыңалууну жоюу маанилүү экендиги белгиленди", - деп айтылат тараткан кабарда.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Бүгүн КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткенге чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0