БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес ГЭС-5 көлмөсүнө 19 жаштагы улан чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
“Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө эркек киши чөгүп кетти деген маалымат 14:19да келип түшкөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00 чамасында 2001-жылы туулган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган.