БШК Масалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Масалиевдин ордуна "Өнүгүү — Прогресс" фракциясына Нургазы Айдаровдун келиши мүмкүн экени айтылган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эл өкүлү Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Эске салсак, 21-майда жыйын учурунда Масалиев депутаттык мандатын тапшырып, парламенттен кетерин айткан.

“БШК КРдин Жогорку Кеңешиндеги "Өнүгүү — Прогресс" парламенттик фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

БШКдан ага берилген эл өкүлүнүн күбөлүгү да жаракасыз болорун кошумчалашты.

Буга чейин Масалиевдин ордуна "Өнүгүү — Прогресс" фракциясына Нургазы Айдаровдун келери ыктымал экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0