БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан сакайып, ооруканадан 23 адам чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Бишкек шаарында – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 2 жаран сакайды", — деди Үсөнбаев.
Республика боюнча жалпы 980 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.