00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аймактардан келчүлөрдүн эсине! Бишкекке кирип-чыгуу эрежелери

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициянын кызматкерлери жумуш учурунда
Кайгуул милициянын кызматкерлери жумуш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке аймактардан келе жаткан жарандардын жанында кандай документтер болушу шарт, калаага кирүүдө кандай эрежени сакташ керектигин Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Кыргызстанда 11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Коронавирус көп чыгып жаткан жерлерде, анын ичинде Бишкекте дагы карантин режими күчүндө. Шаарга кире бериште блокпосттор иштеп, кирип-чыккандарды көзөмөлгө алууда.

Аймактан шаарга келе жаткандар эмнелерди билиши керек, жанында кандай документ болушу шарт? Блокпосттон жөн эле өтүшөбү? Ушул жана башка калаага кирип-чыгуу эрежелери боюнча айыл-аймактардагы тургундардын суроолоруна Бишкек мэриясынын кызматкерлери жооп беришти.

Бишкекке кирип келе жатканда кандай документтер талап кылынат?

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күч түзүмдөрүндө канча адам коронавирус жуктуруп, айыгып чыкканы айтылды
Кайдан келе жатканы, кайда бара турганы жазылган маршруттук баракча, өздүгүн тастыктаган документ (паспорт), жашаган жеринен маалым кат болушу керек. Эгер иштеген адам болсо, иштеген жеринен маалым кат талап кылынат. Ал документте сөзсүз Салык кызматынын мөөрү болушу шарт. Эгер иштегендиги тууралуу маалым катты алганга чейин аймакка чыгып кетсе, анда анын сүрөтүн телефондон көрсөтүп өтсө болот.

Кимдер блокпосттордон тоскоолдуксуз өтө алат?

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери күбөлүгү менен өтүшөт. Алардан башка документ суралбайт.

Бишкекке дарыланганы келе жаткан оорулуу бейтаптан дагы документ суралабы?

Бейтаптын жанында жергиликтүү медициналык мекемеден берилген ооругандыгы тууралуу маалым кат болушу керек. Андан сырткары маршруттук баракча, паспорт, жашаган жеринен маалым катты да даярдап алганы оң.

Өзү Бишкекте катталуу болуп, бирок аймактан келе жатса шаарга кантип кирет?

Эгер жарандын каттоосу Бишкекте болсо, паспортто бул тууралуу маалымат камтылган. Кирип келе жатканда посттон маалым каттын ордуна паспорттогу каттоону көрсөтүп өтө алышат.

Жанында балдар болсо, алардын да документтерин көрсөтүү зарылбы?

Ооба, алардын жанында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу шарт.

Алматы шаарында полиция көзөмөл өткөрүү пунктунда кыймылга чектөө киргизилген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оренбургдан келе жаткан мекендештердин жетөө чек арадан өтө албай калды
Бир автоунаада канча киши болуу тийиш?

Айдоочудан тышкары эки жүргүнчү, бир балага уруксат.

Блокпосттордон ПЦР-тест алынабы?

Жок. Температура текшерилет. Эгерде обсервация же карантинден чыккан жарандар болсо, ПЦР тест текшергендиги тууралуу маалым катын көрсөтүшү зарыл.

Шаарга кирип келе жатканда канча блокпост бар, алар кайсыл жактарда?

Бишкек шаарына кирип келе жатканда 16 блокпост бар:

  • Маловодное айылынан кире берген жер;
  • Айланма жол — Фрунзе совхозу;
  • Айланма жол — Достук айылы;
  • Айланма жол — Пригородный айылы;
  • Айланма жол — "Теңдик" жаңы конушу;
  • Айланма жол — "Киргизская" көчөсү;
  • Айланма жол — "Келечек" жаңы конушу;
  • Айланма жол — "Дордой" базары;
  • Айланма жол — Ибраимов көчөсү;
  • Айланма жол — Курманжан датка көчөсү;
  • Айланма жол — ГЭС-5 (айлампа)
  • Жибек-Жолу проспектиси — Киргшелк айылы;
  • Кара-Жыгач жана Сары-Жон айылдарынын ортосунда;
  • Горная Маевка айылынын жолунда;
  • Кара-Сакал жана Кызыл-Туу айылдарынын ортосунда.

Мэрия эгер жарандардын жогоруда көрсөтүлгөн документтери жок болсо, калаага киргизилбей турганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0