00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
До 28 марта кыргызстанцев призвали уточнить свои данные о праве на собственность. Стоит ли переживать?
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде айыл чарба жаныбарларына геномдук селекция киргизилет — бул асыл тукум мал чарбасын жакшыртабы?
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Структура личности
Переход на 12-тилетнюю систему образования – как это будет
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Асма жол, электромобиль, санарип жабдуу - “Ала-Aрча” жаратылыш паркындагы орчундуу өзгөрүүлөр
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему важна акцизная маркировка и что грозит нарушителям?
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форуму максатына жеттиби — агрардык сабаттуулук, жаңы технологиялар
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Эндоваскулярдык хирургия деген эмне? — бычаксыз операция жасоо мүмкүнбү?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги межправсовета ЕАЭС: какие решения повлияют на жизнь кыргызстанцев
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эндоваскулярдык хирургия деген эмне? — бычаксыз операция жасоо мүмкүнбү?
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСот процессинде отурган адам. Архив
Сот процессинде отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган мыйзамга ылайык, декларанттар өзүнүн көмүскөдөгү байлыгын органдарга көрсөтүп, мындан ары ага салык төлөп турарын айтса, буга чейинки жашыруун иштери кечирилет. 

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Экономика министрлиги мамлекеттик кызматкерлерге мүлк жана кирешелерин адалдаштыруу үчүн мунапыс берүү мыйзам долбоорун сунуштады.

Аталган документ бүгүн парламентте биринчи окууда каралды.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматта иштегендер, ошол эле депутаттар 2019-жылдын 1-январына чейин алган мүлкүн, кирешесин жеке өзүнө каттатса, укук коргоо органдары каяктан байыганын текшербей турганына кепилдик берилет. Ошондой эле салык, айып, пайыз жана туум сыяктуу милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат. 

“Ыктыярдуу декларациялоо (мунапыс берүү) көмүскө мүлктү жана кирешени мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгарууга жол ачып, ачык экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга алып келет. Экономисттердин пикири боюнча, бүгүнкү күндө көмүскө сектордо 40 пайыздан ашык декларацияланбаган мүлк жана киреше жатат. Ушуга байланыштуу мунапыс берүү жалпы декларациялоого өтүүгө даярдык көрүүчү этап болуп саналат”, — деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайдан алат? Депутат мүлкүн жашырган аткаминерлерди сындады
Ошондой эле ыктыярдуу декларация тапшырууда кирешеси же мүлкүнүн наркы 70 миллион сомдон жогору (канча ашканы маанилүү эмес) болсо, 700 миң сом салык төлөй турганы айтылат. Эгер бул суммага жетпесе, жогоруда айтылгандай, бардык төлөмдөрдөн бошотулат.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов мунапыстын негизинде катталган байлык коомчулукка ачыкталбай, купуя бойдон сакталарын белгиледи.

Ал эми экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мындай мунапыс берүү мыйзамы төртүнчү ирет колдонууга сунушталып жатканын билдирди. Буга чейинки экөө кабыл алынып иштеген эмес, үчүнчүсүнө 9 840 адам катышкан.

Жыйын учурунда депутат Бактыбек Турусбеков: “Буга чейин кылмыш иши козголуп качып кеткен аткаминерлер кайра келип мүлкүн каттатып койсо жоопкерчиликтен кутулуп кетеби?”, — деп сурады. 

“Кылмыш иш ачылып, иши тергөөдө каралып жаткан тараптарга бул мыйзам иштебейт”, — деп жооп берди Алиев.

Андан соң эл өкүлү Алмазбек Баатырбеков "мыйзамсыз байыган" деп иш козголгон мурдагы вице-премьер Дүйшөн Залалиевдин туугандары өзү мурда мунапыстын алкагында миллиондорун каттатып койгону чыгып калса эмне болоруна кызыкты.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: салыктан карызы барлар жыл аягына чейин төлөсө туум алынбайт
“Мунапыстын негизинде декларация тапшырып, акчаларын адалдап алган болсо, тергөө амалдары жүрүп жатканда айткан болушу керек. Анда мыйзамдуу болуп калат. Эгер айыпталып жаткан киши өзү декларация тапшырса, мунапыс алган декларант мүлкүн документтери менен тастыктап, эгер акчасы болсо, банктык эсебин көрсөтүшү керек. Үйүндө сакталган акчасын кошо албайт, себеби жалган маалымат берүү менен кийинки мыйзамсыз иштерин адалдаштыруусуна тобокелчилик жаралат”, — деди Салык кызматынын төрагасынын орун басары.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул мыйзамды колдой турганын айтып, тарыхты чукуп, артты карай бербей алдыга жылышыбыз керектигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0