00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Государство и бизнес вместе: молодые исследователи КРСУ - о партнёрстве в ЕАЭС
16:34
17 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Наука против преступности: российский криминалист - о профессии и её будущем
18:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды

Жазылуу
Мындай чечимге жергиликтүү эл макул болгон эмес. Аталган жерге оорулар менен байланышта болгон мобилдик бригаданын медициналык кызматкерлерин жайгаштыруу каралган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Облустук штаб Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматовдун төрөт үйдү обсервация катары колдонуу чечимин жокко чыгарды. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматта мындай чечимге жергиликтүү элдин нааразы болгону кабарланган. Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан буга чейин облустук штабга обсервация үчүн ылайыктуу делген сегиз имараттын тизмеси берилгенин, бирок анда аталган жай жок болгондугун айтышты.

Оорулар менен байланышта болгон мобилдик бригаданын (Министрликтин алгоритми боюнча эки апталык карантин өтүшү керек) медициналык кызматкерлерин жайгаштырууну Жети-Өгүз районунун Үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлер борборунун жетекчиси сунуштаган. Кийин ал бир топ талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

"Аким менен анын орун басарынын бул маселе боюнча иши канааттандырарлык эмес деген баа берилди. Андан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган борбордун жетекчисин административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча кат жөнөтүштү. Буга себеп анын төрөт үйдү обсервацияга колдонуу керек деп жаңылыш пикирди жаратканы жана министрликтин буйругун туура эмес түшүнүп алып, жаңылыш чечим кабыл алганы болду", — деп айтышты штабдан.

Ал жактан төрөт үйү обсервация катары пайдаланылган эмес, ал эми кош бойлуу аялды башка жакка которушкан дешти.

Коронавирустун кесепети

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Нарында кадр жетишсиз, ооруканалар талапка жооп бербейт
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0