Ош ШИИБи: сөгүнгөн милиционер боюнча кызматтык иликтөө башталды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштун кире беришиндеги карантин өткөрүү пунктундагы Кайгуул кызматкери. Архив
Оштун кире беришиндеги карантин өткөрүү пунктундагы Кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакка милиция кызматкеринин автомашинада отурган жарандарга орой мамиле жасап, сөгүнүп жаткан видеосу тарап кеткен.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ош шаарында кызматын өтөп жаткан милиционердин айдоочуга жасаган орой мамилесинен улам ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте иликтөө иштерин баштады. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ош ШИИБи ИИМ жетекчилиги тарабынан жарандарга сылык мамиле жасоо тууралуу эскертүүлөрүн карабастан мындай көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгы аларды өкүндүргөнүн билдиришкен.

"Бул окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында түзүлгөн комиссия Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте иликтөө иштерин баштады. Кызматтык милдетин аткарууда талаптагыдай мамиле жасабагандыгы үчүн ички иштер органынын кызматкерине карата сөзсүз тиешелүү чаралар көрүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, социалдык тармактарга Ош шаарында кызматта турган милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы чатактын видеосу тарап кеткен. Анда милиция кызматкеринин автомашинада отурган жарандарга болгон орой мамилесин, сөгүнүп жатканын угууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0