Кыргызстанда дагы 21 киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКарантинный центр в Коммунарке
Карантинный центр в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-майдан тарта Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондору менен Нарын шаары өзгөчө абал режиминен чыга турган болду.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 21 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен коронавирус 729 адамдан табылган.

"Бишкек шаарында 13, Ош облусунда бир, Нарын облусунда алты жана Баткенде бир кишиден чыкты. Анын 13ү аял, 8и эркек киши", — деди Акматова.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0