Апрелдеги жаан-чачын, үшүктөн айыл чарба канча зыян тартканы айтылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСнег в Казани
Снег в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 8-9-апрель аба ырайы кескин өзгөргөн. Буга чейин анын чыгашасы эсептелип жатканы айтылып, бирок дан эгиндери зыян тартпай турганы белгиленген.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Апрелдеги сууктан улам өлкөнүн агрардык сектору дээрлик 301 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев брифинг учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-9-апрель күндөрү жаан, айрым жерлерде кар жаап, үшүк жүргөн.

"Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында 2020-жылдын 8-9-апрелинде жүргөн үшүк агрардык секторго олуттуу зыян келтирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, чыгаша 301 миллион 433 миӊ сомду түздү", — деген Чодуев.

Ал буга чейин чыгым эсептелип жатканын айтып, аба ырайынын бузулушу дан эгиндерине зыянын тийгизбей турганын айткан

Жаңылыктар түрмөгү
0