БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү коронавирустун деңгээли кайсы чекке жетпесин, обсервация жайларында орун жетиштүү экенин билдирди.
Анын айтмында, адистер мурдагыдай эле коронавирустун жогорку чеги болжолдуу түрдө 20-24-апрелге туура келерин божомолдоп жатат.
“Буга карата даярдыктар көрүлгөн. Обсервация жайларында койкалар даярдалып, атайын тизмеге жараша иш алып барып жатабыз. ӨКМ тарабынан да камдалып жатат. Койкалар жетиштүү санда болот”, — деди Үсөнбаев.
Министрдин орун басарынын билдиришинче, бүгүнкү күндө 857 адам обсервацияда жатат, баарынын абалы жакшы.
Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон 7593 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын ичинен 1612 киши биринчи категориядагылар же жакындан байланышкан үй-бүлө мүчөлөрү десе болот.
Жалпы жонунан 30 379 анализ жасалган, бир сутканын ичинде 1133 изилдөө жүргүзүлдү.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.