Комендатура, облустук штабдар менен кантип байланышууга болот. Зарыл номерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютерде иштеп жаткан ИИМ кызматкери. Архив
Компьютерде иштеп жаткан ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу республикада өзгөчө кырдаал режими, кээ бир аймактарда өзгөчө абал тартиби апрелдин аягына чейин узарды.

Ушу тапта Кыргызстанда өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында, ошондой эле Сузак, Ноокат, Кара-Суу жана Ат-Башы райондорунда иштеп жатат.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал алгач 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкекке жана түштүк жергесине киргизилген. Кечээ күндөн тарта режимдер айдын этегине чейин узартылып, тизмеге Нарын менен Ат-Башы кирди.  Бул аймактарда тартипти сактоо үчүн коменданттар дайындалып, жашоочулардын саат 21:00дөн 6.00гө чейин көчөгө чыгуусуна тыюу салынган.

Ошондой эле өкмөттүн алдында Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, күн сайын бардык суроолор боюнча брифинг уюштурулуп, жыйында маанилүү маселелер талкууланат. Мындан тышкары, вирус менен күрөшүү үчүн облустук штабдар дагы иш алып барууда.

Учурда элдин бир катар маселесин комендатуралар менен штабдар чечет. Ошол себептен Sputnik Кыргызстан алардын байланыш номерлерин тизмектеди.

Бишкек шаарынын комендатурасы:

  • Сall-борбор: 1312
  • WhatsApp номерлер: 0220 00 13 12, 0770 89 55 56
  • (0312) 66 06 16, 66 07 10, 66 02 48, 66 21 34.
  • Электрондук түрдө өткөрмө кагаздарын алуу боюнча: 1312.tunduk.kg
  • Электрондук почта: komendant312@gmail.com

Бишкек шаарынын ыктыярчылар ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча штабы:

  • Координатор — 0557 706 575;
  • Ленин району боюнча — 0772 717162;
  • Свердлов району боюнча — 0702 046429;
  • Биринчи май району боюнча — 0702 427381;
  • Октябрь району боюнча — 0772 408412;
  • Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы — 0700 901480.

Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендатурасы:

  • Түз байланыш: (03222) 6 64 95
  • Нөөмөт бөлүмү: (03222) 6 65 90, (0312) 29 10 70
  • Атайын уруксат кагаз алуу боюнча суроолор: (03222) 6 66 02, WhatsApp номер 0777 00 19 19
  • Электрондук кагаздарды электрондук түрдө алуу:  3222.tunduk.kg
  • Ош шаарындагы маселелер боюнча: (03222) 7 10 19, 5 65 12, WhatsApp номер 0755599270
  • Кара-Суу районундагы маселелер боюнча: 0555551407, 0554652513
  • Ноокат районундагы маселер боюнча: 0553020880, 0777020880

Ош облустук штабы:

  • (03222) 6 66 95, 0701 25 12 32, 0552 98 11 11
  • Гуманитардык жардам боюнча Ош шаардык мэриясынын номери: (03222) 5 53 84

Жалал-Абад облусунун комендатурасы:

  • Сall-борбор: (03722) 5 66 66, (0777) 91 15 15, (0558) 102 182
  • WhatsApp номер: 0773 005 737
  • Электрондук түрдө өткөрмө кагаздарын алуу: 3722.tunduk.kg

Жалал-Абад шаарынын комендатурасы:

  • Сall-борбор: 03722 7 06 35, 0773 93 34 31, 0554 80 08 48.

Сузак районунун комендатурасы

  • Сall-борбор: 03748 5 02 25, 0552 02 77 88, 0554 80 08 98.

Жалал-Абад облустук штабы

  • (03722) 2 23 50, тынымсыз линия 150
  • Электрондук почта: operotdel2014@mail.ru

Нарын шаарынын комендатурасы:

  • (03522) 5 14 45
  • 0704 19 23 10
  • 0705 50 14 45
  • 0555 50 14 45

Нарын ОИИББ:

  • (03522) 5 70 22
  • (03522) 5 09 20
  • WhatsApp 0701 93 21 02

Нарын облустук штабы:

  • Коронавирус менен күрөшүү боюнча облустук штабдын төрөгасынын орун басары: (03522) 5 14 68, (03522) 5 00 20. WhatsApp номери: 0555 30 04 00;
  • Кыска номер – 108;
  • Экономикалык маселе боюнча облустук штабдын төрөгасынын орун басары: (03522) 5 12 16, (03522) 6 00 17, 0700 46 41 41.
  • Электрондук почта: naryn.oblusu@bk.ru

Ат-Башы районунун комендатурасы:

  • (03522) 42 37 39
  • 0702 30 47 15

Талас облустук штабы:

  • Байланыш номерлери: (03422) 5 30 08, (03422) 6 90 04.
  • Электрондук почта: pu.ngztalas@bk.ru

Чүй облустук штабы:

  • Күндүз (0312) 60 95 38, кечинде (0312) 60 95 47. WhatsApp номери: 0770 54 93 74.
  • Электрондук почта: choga2020@mail.ru

Баткен облустук штабы:

  • (03622) 5 00 01, WhatsApp номери: 0770 90 22 90.

Ысык-Көл облустук штабы:

  • (03922) 5 00 01 жана 105 кыска номери.
  • Электрондук почта: polpred.ik9@mail.ru

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрү менен республикалык жана облустук маанидеги ири шаарлардын мэриялары менен байланышып, иш убактыларын, байланышуу жолдорун тизмектеген.

Андан тышкары, карантин убагында азык-түлүк, психологиялык жардам алуу үчүн координаттарды тизмектегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0