Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. 16-апрель, бейшемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Чүйдө абанын температурасы +11…+16, Таласта +10…+15, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +15…+20, Ысык-Көлдө +9…+14 жана Нарын жергесинде +8…+13 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +14…+16 градуска көтөрүлсө, Ош калаасында термометрдин көрсөткүчү +17…+19 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0