Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү, мэриялар кандай тартипте иштеп жатат. Байланыш жолдору

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мэриясы. Архив
Бишкек шаардык мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаал режими киргизилген шартта кыргыз өкмөтүнүн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен ири шаарлардын мэрияларынын аппараты кандай иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан билип көрдү.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстан боюнча жалпы өзгөчө кырдаал киргизилсе, ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими жарыяланган. Буга байланыштуу мамлекеттик мекемелер дагы иш тартибин өзгөрттү.

Айрым мамлекеттик органдар өкмөттүн 20-марттагы буйругу боюнча 12-апрелге чейин дем алышы жок иштеп жатышат. Ошондой эле адаттагы иш убактыларынан кийин кезектешип нөөмөткө турушат. Анын убактысын мекемелер өздөрү бекитишет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрү менен республикалык жана облустук маанидеги ири шаардын мэриялары менен байланышып, иш убактыларын, байланышуу жолдорун тизмектеди.

Бишкек шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз иштешет. Күн сайын саат 24:00гө чейин бөлүм башчылар менен кызматкерлер кезектешип нөөмөткө турушат. Айрым аппарат кызматкерлери аралыктан эмгектенип жатышат.
  • Байланыш номерлери: (0312) 61 11 77, 1850 жана 1840 (күнү-түнү Call-борбор), 0554 18 21 85 WhatsApp, ишеним телефону (0312) 625 813.
  • Электрондук дареги: bishkek@meria.kg , pressa@meria.kg
  • Сайтынын дареги: www.meria.kg
  • Жайгашкан жери: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 19:00гө чейин. Жетекчилер жана жооптуу кызматкерлер түнгө чейин иштейт. Убактылуу дем алыш жок. Аппараттагы жашы жогору жана кош бойлуу кызматкерлер убактылуу жумуштан бошотулган.
  • Байланыш номерлери: (03222) 5 55 40, ыкчам штаб (03222) 7 07 55
  • Электрондук дареги: oshmaalymat@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Ош шаары, Ленин көчөсү, 221

Ош шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 9:00дөн 18:00гө чейин. Учурда дем алыш жок. Айрым аппарат кызматкерлери аралыктан эмгектенип жатат.
  • Байланыш номерлери: (03222) 5 54 76, (03222) 5 54 70, (03222) 5 53 84
  • Электрондук дареги: oshcity14@gmail.com
  • Сайтынын дареги: oshcity.kg
  • Жайгашкан жери: Ош шаары, Ленин көчөсү, 221

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы:  09:00дөн 18:30га чейин. Дем алыш күндөрү жооптуу кызматкерлер график менен ишке чыгат. Аппарат кызматкерлеринин көбү аралыктан эмгектенип жатат.
  • Байланыш номерлери: (03522) 5 14 75, (03522) 5 08 76, (03522) 5 00 19
  • Электрондук дареги: narynokmot@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 76

Нарын шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 9:00дөн 18:00гө чейин. Убактылуу дем алыш жок. Жамааттын айрым мүчөлөрү аралыктан эмгектенип жатышат.
  • Байланыш номерлери: (03522) 50676, (03522) 51445
  • Электрондук дареги: meriyanaryn@mail.ru
  • Сайтынын дареги: www.naryncity.kg
  • Жайгашкан жери: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 74

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 9:00дөн 18:00гө чейин. Учурда дем алыш жок. Аппарат кызматкерлеринин көбү аралыктан эмгектенип жатат.
  • Байланыш номерлери: (03722) 5 00 01, (03722) 2 51 56
  • Электрондук дареги: jalal-abad_oga@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 11

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 08:30дан 18:00гө чейин. Калаа мэриясынын кызматкерлери дем алышсыз эмгектенүүдө.
  • Байланыш номери: (03722) 5 00 07
  • Электрондук дареги: jalalabadcity7@gmail.com
  • Маалыматтык сайты: jacity.kg
  • Жайгашкан жери: Жалал-Абад шаары, Бакиев көчөсү, 38

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 17:30га чейин. Ишемби жана жекшемби күндөрү кызматкерлер график менен эмгектенет. Жетекчилердин иш тартиби нормага салынган эмес.
  • Байланыш номерлери: (03744) 5 14 86, (03744) 5 27 00, (03744) 5 29 10 факс
  • Электрондук дареги: meria_ms@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, 135а

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 20:00гө чейин. Учурда дем алыш жок.
  • Байланыш номери: (03745) 5 00 01, (03745) 5 00 30
  • Электрондук дареги: meriya-tk@bk.ru
  • Жайгашкан жери: Таш-Көмүр шаары, Сыдыков көчөсү, 24

Кара-Көл шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 17:30га чейин. Учурда дем алыш жок. Аппарат кызматкерлерине мыйзам чегинде эмгек өргүүлөр берилген. Ал эми кээ бирлери аралыктан эмгектенип жатышат.
  • Байланыш номерлери: (03746) 5 17 31, факс (03746) 5 10 48
  • Электрондук почтанын дареги: adm.karakul@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Кара-Көл шаары, Ленин көчөсү, 1

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: учурда 8:30дан 19:30га чейин дем алышсыз. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп жатат.
  • Байланыш номерлери: (0312) 60 95 47
  • Электрондук дареги: odoso13@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Лебединовка айылы, Ленин көчөсү, 365а

Токмок шаардык мэриясынын аппараты

  • Иш убактысы: 8:30дан 17:30га чейин дем алышсыз. Аппарат кызматкерлери бекитилген график боюнча күнү-түнү нөөмөткө турушат.
  • Байланыш номерлери: (0312) 60 72 43, (03138) 3 26 00 факс
  • Электрондук дареги: orgotdel.tokmok@mail.ru
  • Сайтынын дареги: tokmokcity.kg
  • Жайгашкан жери: Токмок шаары, Ленин көчөсү, 385

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: учурда 08.00дөн тарта 24.00гө чейин. Дем алышсыз. Бирок кызматкерлердин ишке кызыкчылыгын жоготпоо максатында жума ичинде 2-3 күн катары менен эс алууга уруксат берилген. Жетекчилер бир күндөн дем алышат.
  • Байланыш номерлери: кабылдама (03922) 5 00 01, тынымсыз байланыш 112
  • Электрондук дареги: polpred.ik9@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 105

Каракол шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 08:30дан 18:00гө чейин дем алышсыз.
  • Байланыш номери: (03922) 5 22 11
  • Электрондук дареги: meriyakarakol@gmail.com
  • Жайгашкан жери: Каракол шаары, Тыныстанов көчөсү, 21

Балыкчы шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин дем алышы жок иштешет. Кызматкерлер бекитилген график боюнча күн сайын саат 18:00дөн 24:00гө чейин күзөттө турушат. Айрымдар дистанттык түрдө эмгектенип жатат.
  • Байланыш номерлери: (03944) 3 00 01, (03944) 3 00 09
  • Электрондук дареги: office@balykchy.kg
  • Сайтынын дареги: www.balykchy.kg
  • Жайгашкан жери: Балыкчы шаары, Абдрахманов көчөсү, 258

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 17:30га чейин. Дем алыш жок. Кырдаалга байланыштуу зарыл болгон кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, дистанттык тартипте иштеп жаткандары да бар.
  • Байланыш номерлери: 03622 5 00 01
  • Электрондук дареги: bankenpolpred@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Баткен шаары, Садыков көчөсү, 1

Сүлүктү шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:00дөн 17:30га чейин дем алышсыз. Кечки 21:00гө чейин график менен жооптуу кызматкерлер иштейт.
  • Байланыш телефондору: (03653) 5 00 01, (03653) 5 00 03, факс (03653) 5 01 18
  • Электрондук почтанын дареги: sulukta_mayor@mail.ru
  • Жайгашкан жери: Сүлүктү шаары, Раззаков көчөсү, 1

Баткен шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин дем алышы жок. Мэриянын алдында түзүлгөн штаб күнү-түнү иш алып барат. Айрым кызматкерлер дистанттык түрдө эмгектенет.
  • Байланыш номерлери: (06322) 5 20 01, (06322) 5 09 78. Штаб 0772010002, 0776450005, 0772010002, 0779610101
  • Электрондук почтанын дареги: meria-batken@mail.ru
  • Сайтынын дареги: batkenmeria.kg
  • Жайгашкан жери: Баткен шаары, Жусупов көчөсү, 46

Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:00дөн 17:00гө чейин. Учурда дем алыш жок. Аппарат кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери бекитилген график боюнча күнү-түнү нөөмөттө турушат. Дистанттык түрдө эмгектенгендер жок.
  • Байланыш номерлери: (03657) 5 00 06, (03657) 5 12 57 факс, ишеним телефону (03657) 5 12 90. Тынымсыз байланыш (03657) 5 13 36.
  • Электрондук дареги: kyzylkiya.meriya@gmail.com
  • Сайтынын дареги: kyzylkiya.kg
  • Жайгашкан жери: Кызыл-Кыя шаары, Масалиев көчөсү, 60

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 19:00гө чейин дем алышсыз иштеп жатат. Кызматкерлердин көпчүлүгү жагдайга жараша жумуштан убактылуу бошотулган.
  • Байланыш номерлери: (03422) 5 20 01, (03422) 5 29 53
  • Электрондук дареги: atlas.okulgov@inbox.ru
  • Жайгашкан жери: Талас шаары, Бердике баатыр көчөсү, 287

Талас шаардык мэриясынын аппараты

  • Мекеменин иш убактысы: 8:30дан 17:30га чейин дем алышсыз. Күн сайын 17:30дан эртең мененки 8:30га чейин кызматкерлер кезектешип нөөмөткө турушат. Айрым гана кызматкерлер дистанттык түрдө эмгектенет.
  • Байланыш номерлери: (03422) 5 38 85, (03422) 5 38 45
  • Электрондук дареги: meriyatalas@gmail.com
  • Жайгашкан жери: Талас шаары, Нуржанов аллеясы, 18
Жаңылыктар түрмөгү
0