00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чын жүрөктөн ой бөлүшкүм келди. Билим берүү министри ата-энелерге кат жолдоду

© Фото / пресс-служба синобразования и науки КРМинистр образования и науки КР Каныбек Исаков
Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы мектептер менен жогорку окуу жайлар 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылган. Учурда окуучулар менен студенттер жакындарынын жанында.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков коронавирус пандемиясынын кесепетинен кыргызстандыктар үйдө отуруп калгандыгына байланыштуу ата-энелерге кат жолдоду.

Төмөндө министрдин кайрылуусун өзгөртпөй беребиз.

“Ушул күндөрү мугалим катары окуучуларыбыздын ата-энелери менен чын жүрөгүмдөн ой бөлүшкүм келди. Бүгүн баарыңыздар кырдаалга жараша үй-бүлөнүн кучагында балдар-кыздарыңыздардын, неберелериңиздердин маңдайында олтурасыздар.

Жакшы жагынан алып караганда, ата-эне катарында балдарга таалим-тарбия бере турган, кеп-кеңеш айтканга, руханий жактан дем, күч, ишеним бергенге чоң мүмкүнчүлүк болуп турат. Ушул күндөрү балдар-кыздарыңыздар менен чын дилден сырдашып, алардын ой тилектери, классташ, курбу-курдаштары, мугалимдери, келечек максаттары жөнүндө пикир алышып, өзүңүздүн турмуштук тажрыйбаңыз менен бөлүшүп жол көрсөтө турган шарт болуп жатат.

Университеттеги профессор онлайн-сабакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл абитуриенттер окууга онлайн кабыл алынышы мүмкүн
Балдарыбыз менен биргеликте китеп окуп, жан дүйнөсүн байытып, акыл-эсти өнүктүрүүчү интеллектуалдык жана улуттук оюндарды бирге ойноп, аларга ата-энелик жылуулукту, мээримди, сүйүүнү берип, ар тараптуу камкордукка алалы. Элге, журтка керектүү жакшы инсан болуп калыптануусуна, ыймандуу, боорукер, билимдүү болуп жетилүүсүнө биргелешип аракеттенели.

Ар бир бала үчүн ата-эне ыйык. Балдар ата-энесин карап өсөт жана түздөнөт. Балага ата-энеден өткөн тарбиячы, руханий ориентир жана бекем таяныч жок. Андыктан ушул күндөрү уул-кыздарыбыздын жанында болуп, билим алуусуна, сабак окуусуна бирге аралашып, кеңешибизди берели.

Мурда кеч иштен чарчап келип, таң эрте ишке кетип, балдарыңызга көңүл бөлүүгө убактыңыз тар болсо, азыр ар бир балаңыздын жүрөгүн тыңшап, аларга жагымдуу жана унутулгус күндөрдү тартуулоо мүмкүнчүлүгүңүздөр бар.

Аудиториядагы студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин учурунда студенттер контракт акысын төлөбөйбү? Министрликтин жообу
Балдарыңыздын убактысын туура пландаштырып, өз убагында министрлик тарабынан даярдалган телесабактарды көрүүсүнө, билим берүү порталдарынан, ресурстарынан пайдалануусуна, мугалимдер менен онлайн сабактарды өтүүсүнө, үйдө жеке гигиеналык талаптарды сактоосуна, коопсуз жашоосуна шарт түзүп бериңиз.

Акыл-эске таянып, сабырдуулук менен ар бирибиз ички руханий күч топтоп, бири-бирибизге дем берсек, бул күндөрдүн да арты кайтарымдуу болот.

Дүйнөдө адам капиталынан өткөн байлык жок. Балдарыбыздын келечегине чогуу салым кошуп, көңүлдөрүн көтөрүп туралы.

Куттуу үйүңүздөрдө дайыма балдардын бактылуу күлкүсү жаңыра берсин”.

Жаңылыктар түрмөгү
0