https://sputnik.kg/20200401/tumoolor-zhatkanda-ysyk-chajdyn-pajdasy-zhok-1047654128.html
Тумоолоп жатканда ысык чайдын пайдасы жок. Медиктин пикири
Тумоолоп жатканда ысык чайдын пайдасы жок. Медиктин пикири
Sputnik Кыргызстан
Ошондой эле адис ооруп жаткан кезде суусундуктун курамы гана эмес, температурасы дагы роль ойной турганын айтты. 01.04.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-04-01T08:33+0600
2020-04-01T08:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104581/38/1045813824_0:92:1920:1177_1920x0_80_0_0_277088b0ef7e9e2259fbe3973baa4df0.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104581/38/1045813824_0:31:1920:1238_1920x0_80_0_0_dee52177f8391937b05d2f22c29b2657.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө
жаңылыктар, коом, дүйнөдө
Тумоолоп жатканда ысык чайдын пайдасы жок. Медиктин пикири
08:33 01.04.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ошондой эле адис ооруп жаткан кезде суусундуктун курамы гана эмес, температурасы дагы роль ойной турганын айтты.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жазгы сасык тумоо жана грипп учурунда ысык чай менен кофе илдеттин айыгышын кечеңдетет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде медик-журналист Ольга Кашубина айтып берди.
Анын пикиринде, көпчүлүктүн тумоолоп жатканда ысык чай жардам берет деген түшүнүгү жаңылыштык.
"Сасык тумоо, грипп сыяктуу илдеттердин эң жакшы дарысы — уйку. Ошондуктан медиктер ар дайым төшөктө болгула дешет. Ал эми чай менен кофенин курамындагы кофеин адамдын уйкусун бузуп, тынчын алат. Мындан улам сакаюу процесси кечеңдейт", — деди Кашубина.
30 Жалган Куран 2020, 10:10
Ошондой эле адис ооруп жаткан кезде суусундуктун курамы гана эмес, температурасы дагы роль ойной турганын айтты. Мисалы, муздак суусундук көтөрүлүп турган дене табын басаңдатат. Ал эми ангина учурунда тамактын сезгенген тамырларын ичкертип, адам өзүн жакшы сезип калат.
Жылуу суусундук адам жылуу ваннага түшкөндөй эле организмди жибитип, көшүлтөт.
Андыктан адис сасык тумоо учурунда чай менен кофеден убактылуу оолак болууга чакырат.