00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
12:13
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл 1-2-класска бара турган балдар үчүн республика боюнча жалпы 365 миң 906 орун камсыздалды
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кесарево сечение: выбор или необходимость? Беседа с гинекологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как одна идея объединила молодёжь вокруг памяти о Великой Победе
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Фин согушунан баштап, Улуу Ата Мекендик, кийин япондорго каршы согушка катышып кайткан Какчеке Төлеев
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Бинты и шприцы за свой счёт: почему бесплатной медицины в КР больше нет
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Авашова: апам мени балет мектебине бербей койгон

© Sputnik / Табылды КадырбековКР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова
КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова апасы анын жана сиңдиси Махабаттын кичине кезинен тарта искусствого аралашуусуна каршы болуп келгенин айтты.

Бала кезимде апам мени балет мектебине бербей коюп, балерина болом деген кыялым орундалбай калган. Бул тууралуу Кундуз Авашова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Авашова: апам мени балет мектебине бербей койгон
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Авашова: апам мени балет мектебине бербей койгон

Анын айтымында, апасы Саламат Садыкова өмүрүн толугу менен маданиятка арнап, ал жактагы өзү көргөн кыйынчылыктарга кыздарынын кабылуусун каалабай, кичинесинен аларды искусстводон бөлөк тармакты тандоого үндөп келген.

"Апам менин жана сиңдим Махабаттын искусство жаатына аралашып, өнөр адамы болууга ар дайым каршы чыгып келген. Ошондон улам экөөбүз тең ар башка кесипти тандадык. Мен филология, журналистика жаатына ыктасам, сиңдим котормочу болуп кетти. Бирок дээриңде чыгармачылык бар болсо аны ооздуктоо кыйын экен. Мындан улам мен дагы, сиңдим дагы көптөгөн ийримдерге барып, ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрдүк. Буга апам да каршы болчу эмес, бирок ар дайым искусствону кесип катары тандабагыла деп эскертип турар эле. Кичине кезимде балерина болом деген кыялым бар болчу. Аны жүзөгө ашыруу үчүн апам экөөбүз балет мектебине атайын тандоо сынагына барганбыз. Мен ал конкурстан ийгиликтүү өтүп кеткем. Бирок документ тапшырып, мектепке киргени келгенде мени тандаган мугалим жок болуп калып, "жаш курагың өтүп кетиптир, бир класс ылдый окуган окуучуларга кошобуз" деп калышты. Аны уккан апам дароо мени ал окуу жайга берүүдөн баш тартып, кетип калдык. Ошондо окуйм, ошол жакта калам деп ыйлаганым эсимде. Бирок мен каалагандай болгон жок. Жөнөкөй мектепте окудум. Балалык кыялым орундалбай калып, көксөөмдү мектептеги иш-чараларга катышып, кийин жогорку окуу жайда да бийлеп, ырдап жүрүп ишке ашырдым десем болот. Азыр апама абдан ыраазымын, анткени кийин өзүм балалуу болгондо апамдын айткандарын жана чектөөлөрүн түшүнө баштадым. Көрсө ар бир ата-эне өзү көргөн кыйынчылыкка чүрпөсүн кыйбайт тура", — деди Авашова.

Ал ошондой эле апасынын чыгармачылыктан сырткары ашпозчулук өнөрү бар экенин белгилеп, үйдө мыкты кожойке экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0