00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: түлкү тери илингени үйдө бойго жеткен кыз бар экенин билдирген

Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков кыргыздарда жаныбарлардын терисин үйдүн төрүнө илүүнүн өзүнчө мааниси бар экенин белгилеп, алардын чечмелениши тууралуу айтып берди.
Сыдыков: түлкү тери илингени үйдө бойго жеткен кыз бар экенин билдирген

Түлкүнүн териси үйдүн төрүндө илинип турса, "биздин үйдө кыз бар" дегенди түшүндүргөн экен. Ал үйгө куда түшүп келсе болорун билдирген. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай маалыматтарды этнограф Октябрь Капалбаевге кытайлык кыргыз аксакал баяндап берген.

"Октябрь Капалбаев деген этнограф агабыз бар. Ошол Кытайдагы кыргыздарга барып калдым дейт. Анан ал жакта изилдөөлөр менен жүрүп, өлүм алдында жатат деген аксакалдын үйүнө туш болуп калыптыр. Ал күчтүү санжырачылардан болгондуктан алыстан келгенин айтып, бир ооз сүйлөшүп калууну сураныптыр. Ал аксакал жаныбарлардын терилери үйгө эмнеге илине турганын түшүндүрүп берген. Көрсө түлкүнүн териси "биздин үйдө бойго жеткен кыз бар, башы бош" дегенди түшүндүрөт экен. Ошого карап куда түшүп барууга жол ачылчу имиш. Кыргызда "ичик бергендин ичи ооруйт" деген сөз ушундан калган тура. Кызды кайын журтуна узатып жатканда ошол илинип турган түлкүнүн терисин кошо беришчү экен. Ал эми карышкырдын териси — бул үйдө баатыр же мерген киши бар дегендин белгиси. Себеби баатырлар олдоксон, алабарман болот. Ошондуктан тамашалашканда, сүйлөгөндө этият бол дегенди түшүндүргөн. Үйдүн төрүндө сүлөөсүндүн териси илинип калган эң жаман экен. Анткени ал келини тилдүү, начар чыгып калды дегенди түшүндүргөн. Ал үйгө конок келсе, акырын жай сурашып эле чыгып кеткен. Мындан улам келиндер "кайын ата, кайын эненин каргышына калып, сүлөөсүндүн териси үйүбүзгө илинип калбасын" деп аракет кылышчу экен", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал бир байлам жоолук байланган жигит анын үйлөнүүгө даяр болуп калганын билдиргенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0