00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Туяк
Согуштагы эрдиги Пафиловчулардан кем калбаган Жаманкул Жээнчороев
17:08
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
100% пошлины от Трампа: чем это грозит Кыргызстану
18:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргыз күрөшү дүйнөнү дүңгүрөтүп жатат — Казандагы дүйнө чемпионаты кандай өттү?
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Тема дня
Гармонизация законов с требованиями ЕАЭС: В КР скорректировали антиупаковочный закон
20:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дыйкандарды түпөйүл кылган чегирткелер – зыянкечтерге каршы күрөш кандай жүрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүралиев: бүгүнкү күндө коронавирустун белгилүү болгон 40 түрү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев бүгүнкү күндө коронавирустун илимде белгилүү болгон 40 түрү бар экенин айтты.
Өмүралиев: бүгүнкү күндө коронавирустун белгилүү болгон 40 түрү бар

Учурда коронавирустардын ичинен төртөө гана адамга жугуштуу болуп эсептелет. Алардын арасынан COVID-19 вирусу жаңы пайда болгондуктан анын дарысы азырынча табыла элек, бирок илдетти айыктырууга болот. Анткени Кытайда 2002-2003-жылдары да коронавирустун SARS-CoV түрү жайылып, аны бир жылда жоюуга мүмкүн болгон. Бул тууралуу Курманбек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 вирусу буга чейин изилдене элек илдет болгондуктан анын дарысын табууга убакыт талап кылынат. Коронавирустун бул түрү дүйнөгө жайылып пандемияга айлангандан бери ар кайсы жерде ар түрдүү маалыматтар тарап, бүтүндөй дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салууда.

"2002-2003-жылдары Кытайда коронавирустун SARS-CoV түрү жайылып, 8273 кишиге жугуп, алардын арасынан 775 кишинин өмүрүн алган. Ошондой эле 2012-жылы коронавирустун MERS-CoV түрү чыккан, бирок аны кыска мөөнөттө жоюуга мүмкүн болду. Ал эми 2015-жылы Түштүк Кореяда "жакынкы чыгыш респиратордук синдрому" пайда болуп, аны менен 183 киши ооруса, 33ү көз жумган. Былтыр, 2019-жылы, Кытайда коронавирустун COVID-19 вирусу башталып, бүгүнкү күндө бүтүндөй дүйнө элин түйшөлтүп жатат. Тилекке каршы, пандемияга айланган бул оору дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. Анын айынан ар жерде ар кандай маалыматтар тарап, эл аябай кооптонуп жатат. Эң башкысы, учурда эмоцияга алдырбай COVID-19 вирусу тууралуу расмий булактардын гана маалыматына ишенүү керек. Негизи коронавирус — респиратордук оору. Аны менен күрөшүүгө болот. Бул жерде аша чаап, дүрбөлөң салуунун кереги жок. Негизгиси вирустук башка илдеттерден сактангандай эле биринчи кезекте өздүк гигиенага көңүл буруп, мамлекеттик расмий органдар берген сунуштамаларды кынтыксыз аткаруу зарыл. Мисалы, 1,5 миллиард калкы бар Кытай мамлекети ооруну акырындык менен жеңе баштады. Анын себеби эң жөнөкөй — дисциплина менен гигиена", — деди Өмүралиев.

Ал ошондой эле коронавирус өңдүү инфекциялык оорулар буга чейин да болуп келгенин жана кийин да боло берерин айтып, андай учурларга дайым даяр болуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0