Путинге турмушка чыкмакчы болгон кыз өзү тууралуу айтып берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жумуш учурунда. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 6-март күнү президенттин Иваново шаарына жасалган иш сапарында болгон. Путин кыздын аты-жөнүн сурап калган.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Владимир Путинге баш кошуу тууралуу сунушун киргизген Юлия Шилова өзү жана өлкө башчы менен жолугушуу тууралуу айтып бергенин "Известия" басылмасы жазды.

Эскерте кетсек, Юлия Путиндин эл менен жолугушуп жаткан маалында алдыга суурулуп чыгып, "мага үйлөнүңүзчү" деп айткан.

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент Владимир Путинге баш кошуу тууралуу сунушун киргизген Юлия Шилова
Путинге турмушка чыкмакчы болгон кыз өзү тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Президент Владимир Путинге баш кошуу тууралуу сунушун киргизген Юлия Шилова

Кыздын айтымында, ал 28 жашта, балдар театрында актриса болуп иштейт.

"Ушу кезге чейин күйөө болчу татыктуу жигитти кезиктире элекмин", — деп айткан Юлия.

Шилова Путинге көптөн бери көз салып жүргөнүн, өлкө башчынын лидерлик сапаттары жагарын белгилеген.

Чын эле Путинсизби? РФ лидери түгөйү тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Чын эле Путинсизби? РФ лидери "түгөйү" тууралуу айтып берди
"Мамлекетти кантип башкарып жатканы жагат, эрки күчтүү, алдыга койгон максаттарына жете билет, күчтүү. Мен анын бардык маалымат жыйындарын калтырбай көрөм. Маселе чечкенине, эл аралык аренада өнөктөштөрү менен өзүн ишенимдүү алып жүргөнүнө суктанам", — деди Юлия.

Кыз өзүнүн сүрөттөрүн протокол кызматына берүүгө үлгүрүп, президент чалып калышы мүмкүндүгүнө ишенерин айткан. Ага катар ошончо элдин арасынан президенттин ага көңүл бурганына абдан кубанганын да жашырган жок.

Иваново шаарынын тургуну өлкө башчысына татыктуу жубай болуп берерине ишенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0