Россия Сириядагы түрк авиациясынын коопсуздугуна кепилдик бере албайт

© AP Photo / Emrah GurelСамолеты-истребители F-5, пилотажной группы ВВС Турции
Самолеты-истребители F-5, пилотажной группы ВВС Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Контр-адмирал Журавлев Сирия бийлиги провинциянын аба мейкиндигинде абал курчугандыгына байланыштуу мындай кадамга барууга мажбур болушканын белгилеген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россия Идлибдин үстүнөн учууга тыюу салынганына байланыштуу Сириядагы түркиялык учактардын коопсуздугуна кепилдик бере албайт. Бул туурасында Каршылашып жаткан тараптарды элдештирүү борборунун башчысы Олег Журавлев билдиргенин РИА Новости жазды.

Контр-адмирал Сирия бийлиги провинциянын аба мейкиндигинде абал курчугандыгына байланыштуу ушундай кадамга барууга мажбур болушканын эске салган.

Сириянын түндүгүндөгү абал

Бир жума мурда Түркиянын аба күчтөрүнүн колдоосуна таянган согушкерлер Кминас жана Найраб райондорундагы сириялык армиянын коргонуу чегин жарып өткөн. Россиянын Су-24 учагы аларга сокку уруп, анын жардамы менен сириялыктар бардык чабуулдарга жооп кайтара алышкан. Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Идлибдеги аба чабуулунан эки түрк аскери каза таап, дагы бешөө жаракат алган. Каршылашып жаткан тараптарды элдештирүү борбору Анкараны террорчуларды колдоосун токтотууга чакырган.

Аймакта абал 27-февралда курчуган. Анда "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук тобу Сириянын өкмөттүк армиясына чабуул жасоого аракет кылган. Сириялык куралдуу күчтөр жооп кайтарып, атышуунун натыйжасында 36 түрк аскери каза таап, дагы 30у жаракат алган. Негизи бул аскерлер ал жакта болбошу керек болчу.

Турецкая военная мобильная ракетная пусковая установка ведет огонь в направлении сирийских правительственных сил в Идлибе. 14 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Түркия Идлибде Сирия аскерлерине урган соккусунун видеосун жарыялады
Окуя тууралуу маалымат тарары менен Россия тарап ок атууну токтотуу чараларын көрүп, каза болгон жана жаракат алган түрк аскерлерин мекенине эвакуациялоо үчүн чараларды көргөн.

НАТО кеңеши жума күнү Анкаранын суранычына жооп берүү боюнча Сириядагы кырдаал тууралуу консультация өткөргөн. АКШнын мамлекеттик департаменти РИА Новостиге "мындай кризисте Түркияны колдоонун ыңгайлуу жолдорун караштырып жатканын" билдирди.

Ал эми Сирия менен Россия бир нече ирет аймактагы кырдаалдын курчушуна террорчулардын аракеттери себеп экенин айтып келет. ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтымында, Түркия Идлибдин айланасындагы түзүлгөн абалды жолго салуу боюнча маанилүү милдеттерин аткара албай келет. Негизинен өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр болгон куралдуу оппозицияны террорчулардан ажырата алган эмес. Анкара, тескерисинче, алган милдетин толугу менен аткарганын айтып келет.

Өткөн аптада Эрдоган Россия менен сүйлөшүүдөн Анкара эч натыйжа ала электигин айтып, Идлибде аскерий операция баштай турганын айтып коркуткан. Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул эң начар сценарий экенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0