БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Аламүдүн айылында эркек киши пенсионерди үйүнөн тоноп кеткенин Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Милицияга 18-февралда Аламүдүн айылында карактоо болгондугу боюнча маалымат түшкөн. 70 жаштагы пенсионер үйүнө келе жатып, бет кап кийген кишиге туш келген. Ал кемпирдин тамагына бычак такап, акчасын, алтындарын чечип алып, жок болгон. Факты боюнча иш козголуп, 37 жаштагы бишкектик киши кармалган.
Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, эркек киши февралдын башында үй сатып ала турган кардар катары келип, кемпир жөнүндө маалымат топтогон. Жалгыз бой эмес, уулу менен жашарын билип, баласы жумушка кеткен учурдан пайдаланып кол салган.
Шектүү кармалгандан кийин борбор калаадагы №1 убактылуу кармоо жайына киргизилген.