БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өзгөн районунун Мырзаке — Кара-Шоро жолунда кырсыкка учураган автоунаа ага орнотулган газ баллондун жарылганынан күйүп кетиши мүмкүн деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Теңизбаевдин айтымында, райондук милициянын тергөө кызматы жана Ош шаардык милициясынын тергөө тобу окуя болгон жерде иштеп жатышат. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинчи өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Ал эми окуяга күбө болгон Өзгөн районунун жашоочусу Керим Тайыров унаа алгач оодарылып кеткенин айтып берген.
"Андан соң унаадан катуу үн чыгып, бир нерсе жарылгандай болду. Унаа аңтарылып калгандыктан эшиктеринин кармагычтары сынып, ачылбай калыптыр. Ошол себептен машина күйүп жатканда ичиндегилерди сыртка чыгара албай калдык", — деди Тайыров.
Ал эми маркумдардын айылдаштарынын айтымында, көз жумгандардын улуусу 46, кичүүсү 27 жашта болгон.
Арасындагы үч жигит жакында эле үйлөнгөн. Алар 2-февраль күнү Большевик айылынан Өзгөн шаарына улакка баруу үчүн коомдук транспорт менен кетип, үйлөрүнө кайтып бара жатканда кырсыкка учурашкан.