Путин тарыхты бурмалагандардын жаагын жап кылууну убадалады. Видео

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Ленинград шаарынын курчоодон бошотулушунун 77 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөгөн.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. РФ президенти буга чейин кабарлангандай, архивдик документтердин борбору түзүлө турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы бүгүн, 18-январда, Санкт-Петербург шаарында Ленинграддын блокададан бошонушунун 77 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, Пескарев мемориалдык көрүстөнүнө орнотулган монументке гүлчамбар койгон.

“Мындай борборду түзүү менен тарыхты бурмалап, жалган сүйлөп, аталарыбыздын эрдигин, Мекенин коргоо үчүн, ааламды бүлүнүүдөн сактоо үчүн кан-жанын аябаган каармандыгын жокко чыгаргандардын жаагын жап кылабыз. Саясий кызыкчылыгы үчүн калпты чындай сүйлөгөндөрдү документалдуу маалымат менен ооз ачкыс кылабыз”, — деди Путин.

РФ лидери аталган иш-чарада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата төрт ардагерге медаль тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0